Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

БРЮССЕЛ БОЛГАРИЯНЫ КОРРУПЦИЯЛАШКАН ДЕП ЖЕМЕЛЕДИ


Европа союзунун мүчөлөрү Брюсселден эл чарбасынын ар кыл тармактары үчүн ар түрдүү гранттарды жана жеңилдетилген карыздарды алып турушат. Брюссел бул каражаттын сарпталышын тыкыр көзөмөлдөйт. Айрым учурда бюрократиялык эрежелердин аткарылышын камсыздай албаган өлкөлөргө Брюсселден катуу эскертүү болгон учурлар жок эмес. Мына эми биримдикке жаңы кошулган Болгарияга бөлүнгөн каражаттар "убактылуу тоңдурулушу" мүмкүн экендиги белгилүү болууда. Бирок башка мындай чаралардан айырмаланып, бул ирет Софиянын бийликтерине коррупциялык кинелер коюлуп жаткан.

Эгер Евросоюздун Болгарияга үлүштөргөн жардам каражаттын бир бөлүгүн бөлбөө чечими ишке ашса, бул Софиянын өкмөтү үчүн олуттуу эскертүү болуп калмакчы. Негизинен ири инфраструктуралык жана айыл-чарба долбоорлоруна бөлүнгөн акча убактылуу "тоңдурулат". Бул Софиянын өкмөтү үчүн уят эле иш болуп калат, себеби буга чейин Евробиримдик бир да жолу өз мүчөлөрүн "коррупциянын кулач жайышы" үчүн жазалап көргөн эмес. Бирок Болгария бул акчадан таптакыр кол жууду дегенди билдирбейт, себеби аны бир нече жылдан кийин кайра алууга мүмкүндүк бар.

Евросоюз өзү бөлгөн каражаттын сарпталышын такай көзөмөлдөп турат. Натыйжада бөлүнгөн акчаны экинчи тарап албай калган учурлар сейрек эмес. Айрыкча жаңы кирген өлкөлөр кээде жардам акчасын өз убагында өздөштүрө албай калышат. Бирок адатта алар бул жардамды алуу жана аны сарптоо боюнча административдик жана көптөгөн бюрократиялык иштерге чамалары жетпей калат.

Болгария сөз болуп жаткан акчаны аны алуунун бүт механизмдери баштан-аяк коррупциялашып калгандыктан улам ала албай кала тургандыгы менен өзгөчөлөнүүдө. Кеминде Брюсселден аты аталбаган булактардан түшкөн маалыматтарда ушундай деп белгиленет. Анын кесепетинен унаа, теле-коммуникация, энергетика, ишкердүүлүк сыяктуу өлкөнүн чечүүчү тармактары жапа тартмакчы.

Арийне, 23-июлда кабыл алынат деп жаткан мындай чечим автоматтык түрдө күчүнө кирбейт. Еврокомиссия мындай чечимдин саясий кесепеттерин да эсепке алышы керек болот.

Кайсы булактан экендиги такталбаган дагы бир маалыматты Евробиримдиктин антикоррупциялык көзөмөл органы - ОЛАФ Софиянын өкмөтүнө жиберди. Анда Болгар өкмөтү жана мамлекеттик кызматтары, анын ичинде мыйзамдуулукту сактоо жана акыйкаттык мекемелери да көз боемоочулукка аралашканы айтылат.

Ошол эле мезгилде Болгарияда өкмөттүн кылмыштуу чөйрөлөр менен тымызын алакасы бар экендиги тууралуу ырастоо жаңы деле эмес. Евросоюз буга чейин эле соңку жылдардагы бир катар чуулгандуу буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча Софияда бийликтер бир да кылмышкерди жазалабагандыгын сындап келген.

Еврокомиссиядан түшүп жаткан маалыматтарды Брюсселде бейформал документ экендигин баса белгилешүүдө. Демек азыркы тапта ал боюнча эч кандай чара көрүлбөйт. Ал маалыматтарда Болгариянын өкмөтү өз катарын "тазалашы" керектиги жана Евросоюздун жардамын өз атуулдарына жеткире ала тургандыгына Брюсселди ынандырышы керектиги айтылат.

XS
SM
MD
LG