Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

АКШнын демократтар партиясынын президенттикке талапкери Барак Обама Багдадка барды


“Ирактын добушу” кабар агенттиги маалымдаганына караганда, Обама келээри менен премьер-министр Нури ал-Малики менен жолугушту. Сенатор ноябрь шайлоосун жеңсе, согуштук контингентти 16 айдын ичинде алып чыгууну жактаарын айтып келатат. Иракка чейин ал Ооганстанда болуп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуз деп сыпаттады. Обама Вашингтон Ирактагы аскерлерин Ооганстанга жиберүү планын иштеп чыгууга тийиш деп санайт. Ирактан кийин ал Иордания, Израиль, Германия, Франция жана Британияга бармакчы. Республикачыл партиянын талапкери болсо Обаманын тышкы саясатта тажрыйбасы жок деп сындап жүрөт.

XS
SM
MD
LG