Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

08:10 Бүгүн белгилүү дирижер А. Жумакматов акыркы сапарга узатылат


Айтылуу дирижер жана композиторду акыреттик сапарга узатуу зыйнатына анын талантын баалагандар Кыргыз академикалык опера жана балет театрына келип, акыркы сый урматын көрсөтө алышат. Асанкан Жумакматов- СССРдин эл артисти, Кыргызстандын баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, Москвадагы эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги. Жумакматов дүйнөлүк классикалык, орус, кыргыздын опера жана балеттеринен 50 чукул чыгармага дирижерлук кылган. 1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер, 1995-жылдан бери Улуттук консерваторияда профессор болуп иштеп келген.(MSu)

XS
SM
MD
LG