Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

15:45 Токмок шаарынын жанынан кырсыкка учураган автобустун айдоочусу кечээ камакка алынды


Бул туурасында ИИМнин басма-сөз кызматынан инспектор Эрнис Осмонбаев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымына караганда автобустун айдоочусу Алмаз Абылаев учурда Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайында сурак берип жатат. Авто кырсыкка байланыштуу ишти учурда Чүй облустук ИИБгы иликтөөгө алды. Соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза аяктаган соң ИИМнин басма-сөз кызматы атайын маалымдайт, деди Эрнис Осмонов. Кечээ Казакстан тарап автокырсыктан жабыркагандарды өз өлкөсүнө алып кетишкен. 21-июлга караган түндө Бишкек-Торугарт автожолунун 64,5 чакырымында алтымыш жүргүнчүгө өлчөнгөн автобус менен жеңил автоунаа кагышкан. Кесепетинде сегиз адам каза болуп, отуздан ашык адам жараат алган. (JJ)

XS
SM
MD
LG