Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

07:50 27-июлга чейин И.Кадырбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсө нарындыктар мөөнөтсүз нааразылык чараларын башташат


Бул тууралуу “Азатыткка” демилгелүү топтун лидери Асыл Жаманова билдирди. Анын айтымында, Ишенбай Кадырбековду бошотуу талабы менен кол топтоо акциясы Нарын областынын ар бир районунда жүрүп жатат. Жалпысынан төрт миңден ашуун адам кол койгону айтылууда. Буга чейин акциянын катышуучулары И. Кадырбековду бошотуу өтүнүчү менен президентке жана Акыйкатчыга кайрылуу жолдошкон. Эгерде 27-июлга чейин бийлик тараптан расмий жооп болбосо, Нарын эли бийликке карата мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштоого жана республикадагы бардык прогрессивдүү күчтөрдү аталган акцияга катышууга үндөөгө мажбур болот, дейт Асыл Жаманова. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылып, май айында камакка алынган.(MSu)

XS
SM
MD
LG