Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

КИЕВ ОРУСТАРЫ ЧОКУНГАНЫНЫН 1020-ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ ӨТҮҮДӨ


Кубат Чекиров, Прага Украинада Киев Орусунун чокунганынын 1020 жылдык мааракесине арналган салтанаттар өтүүдө. Бул окуяга байланыштуу Украинанын борбор шаарына Дүйнөлүк жана Константинополдук православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Варфоломей I жана Бүтүн Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Алексий II, ошондой эле дүйнөдөгү 15 православия чиркөөсүнүн өкүлдөрү, көп миңдеген меймандар келди. Киев орусунун чокунган күнүн 28-июлда майрам катары расмий белгилөө жөнүндө Президент Виктор Ющенко жарлык чыгарган. Бул майрам Украинада айрым чөйрөлөрдөй Орусияны карабай эгемен чиркөө саясатын жүргүзүү жөнүндө маселе козголуп аткан чакта болуп жатат.

Киев Орусунун чокунган күнүн майрамдоо үчүн 28-июль тандалып алынганы бекеринен эмес. Бул күн Киевдин улуу князы Владимирди эскерүү күнү, дал ушул улуу князь 988-жылы Киев өлкөсүндө ортодокс христиан динин биринчи жайылтып баштаган. Ошондуктан украиндер үчүн бүгүн кош майрам деп айтсак болот.

Бүгүн Киев Орусунун 1020-жылдыгына арналган диний ырым-жырымдуу салтанат улуу князь Владимирдин эстелигинин жанында өткөрүлдү. Майрамдык салтанаттын башында Дүйнөлүк жана Константинополдук православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Варфоломей I жана Бүтүн Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Алексий II туруп, алмак-салмак башкарышты. Майрамдык иш чараларга президент Виктор Ющенко катышты.

Константинополдук правослов чиркөөсүнүн башчысы патриарх Варфоломей I Киевде Бориспол аба майданында мамлекет башчы чоң урмат сый көргөзүп, өзү тосуп алды. Варфоломей I дүйнөдөгү православ чиркөөлөрүнүн баарын бириктирүүнү тилеп сыйынуу үчүн Киевке келгенин билдирди.

Майрамдык литургиядан кийин Киев-Печерск кечилканасында Варфоломей I менен Алексий II өздөрүнчө жолугушуп, Украинадагы үч бөлүндү болуп иш жүргүзүп келаткан православия чиркөөсүн бириктирүү жөнүндө кеңеш курушмакчы.

СССР кыйрагандан кийин 1991-жылы Украинанын правлославия чиркөөсү үчкө бөлүнүп, бир бөлүгү Москваны карабай өз алдынча кеткен. Москва жана Константинополь патриархтары аларды адашкан жолго түштү деп айыптап, тааныбай келатат. Украинанын православ чиркөөсүнүн бир бөлүгү мурдагыдай эле Орусиянын православ чиркөөсүнө баш ийет.

Украинанын президенти Киевдин эгемен патриархатын таанууга чакырып келатат. Бирок дүйнө жүзүндөгү 225 миллионду түзгөн православдардын башчысы Варфоломей I чиркөөнүн биримдиги бардык убакта саясаттан артык иш болуп саналаарын баса белгиледи. Бүтүн Орусиянын жана Москванын патриархы Алексий II дагы өз кезегинде славян элдеринин ортосунда бөлүп-жарууга жол бербей, биримдикти чыңдоого чакырууда.

Сүрөт: www.gazeta.ru интернет барагынан алынды
XS
SM
MD
LG