Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

ЖЫГАЧ КЫМБАТ, ТОКОЙ КЫЙЫЛЫП ЖАТАТ


Кийинки жылдары токойду бүлдүрүү, баалуу дарактарды кыюу күчөп кетти. Мындан эки жыл илгери мамлекет башчысынын баалуу дарактарды кыюуну токтотуу тууралуу жарлыгына, жаратылышка бүлгүн түшүргөндөрдүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы деле балта-тешесин көтөрүп токойго уурданып кирчүлөрдү азайткан жок. Улуу Ата Мекендик уруш маалында кыйгас кыюуга туш келген кыргыз токою эгемендик тушундагы экономикалык кыйынчылыкка шылтанып бүлгүнгө учуроодо.

Кыргызстандын Экология жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой чарбасы департаментинин жетекчи орунбасары Майрамбек Алиевдин маалымдашынча, тармактагы проблемалардын эң орчуну токой аянтын көбөйтүү, улуттук байлыкты уурулардан коргоп калуу милдети болууда. Себеп дегенде мыйзамсыз кыюулардын 60 пайызы кышка отун-суу камдагандардын үлүшүнө тиет.

- Жылына 27 – 28 миллиондон ашуун көчөттөр өстүрүлөт.

Бирок да, ал көчөттөрдүн текши баары көгөрүп-көктөп, токой аянтын көбөйтпөйт. Көбү куурап, кыйласы токойдогу жайылган малдын туяк алдында калат.

Кыйын кырдаал Кыргызстандагы мөмө-жемиш токоюнда түзүлүүдө. Жаңгак мөмө-жемиш токоюн сактоо, биотүрдүүлүктү жоготпой коргоп калуу амалында эгемендик тушунда бир топ эл аралык долбоорлор ишке киргизилген. Бирок да андан дурус натыйжа чыккан жок. Баарынан кооптуусу, кантип токойчулар менен токойго жакын жашаган элдин жаратылыш байлыгына карата мамиле-катнашын өзгөртүү аракетинен натыйжа чыкпай, токой жыгачтарын аеосуз кыюу учурларынын азайбай баратышы. Маселен, быйыл жарым жыл ичинде эле эки миңге жакын баалуу жыгачтар уурдалып бараткан жеринде кармалган, аларга 450 проткол түзүлүп, миллион ашуун сомдук айып пул салынган. Экология жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемасы департаментинин жетекчиси Аскат Кысановдун ырасташынча, айып пул кыйылган дарактын энине жараша болот.

- 3 сантиметр болсо эле 200 сомдун тегереги болуп калат. Ошол бактын эни жоонойгон сайын айып пул өлчөмү да көбөйө берет. Ал миң сомго чейин чыгып кетет.

Агенттиктин кызматкерлери токой чарбаларын кыдыруу учурунда баалуу деп эсептелген 6126 дарактын кыйылганын аныкташкан. Бул көрсөткүч ушу тапта кыргыз токоюна келтирилип жаткан зыяндын эң эле аз бөлүгү экенин токой чарба кызматкерлеринин өздөрү деле жашырышпайт. Анын үстүнө жалпы республика боюнча 43 токой чарбасы менен биртоп корук жайларда иштеген 1318 адамдын табигый байлыктын сакталышына толук көзөмөл кылганга шарты да, мүмкүнчүлүгү да жок.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак мөмө-жемиш токоюн кийинки жылдары илдет басып жапайы алча сындуу кайталангыс биологиялык түрдүн биротоло жоголуп кетиш коркунучуна алып келүүдө. Майрамбек Алиевдин айтуусунда, бул илдетке каршы күрөш жүрүүдө.

- Биз жалпы аянты 5 миң, 6 миң гектир жердеги илдет баскан токой аянтын дарылап алдык.

Кыргызстандын канча жерин токой аянты ээлейт, анын канчасы айыл өкмөттөрүнө, канчасы мамлекет ээлигинде турганы тууралу так маалыматты ушу кезге чейин алуу кыйын. 2003-жылы токой аянттарын эсепке алуу жүргүзүлгөн. Анын негизинде Кыргызстан аянтынын 4,3 пайыз жерин токой ээлери айтылып келатат. Ошондон Экология жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги быйыл токой аянттарын эсептеп чыгуу иштерине киришти. Аскат Кысанов иштин натыйжасы эмдиги жылда билинип калышы мүмкүн деп маалымдады.

- Бул түйшүгү көп узак жумуш. Мүмкүн бир жылдан кийин айрым бир жыйынтыктар чыгып калат. Токой көбөйүп атабы же башкачабы, ал тууралуу так маалымат бир жылдан кийин болот.

Аскат Кысанов быйылкы кургакчылыкта 10 ирет токой аянттарында өрт болгонун маалымдады. Анын натыйжасында 5 гектр токой күйүп кеткен. Кырсыктын зыянын токойчулар 500 миң сомго баалашууда.

Сүрөт: www.photo.kg интернет булагынан алынды

XS
SM
MD
LG