Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

17:48 Сот “Де-факто” гезитинин башкы редакторуна байланышкан ишти кайра тергөөгө жиберди


Ага башкы редактор Чолпон Орозобекованын адвокаты Нина Зотованын өтүнүчү себеп болду. Сот бул ишти бүгүн карап баштаган. Сот жараянынын башында башкы редактордун адвокаты бул кылмыш иши козголушуна себеп болгон Замира Молдоева аттуу ысым ойдон чыгарылган эмес, бар адам экенин айтып, аны издеп табуу зарылдыгын белгилөө менен ишти кайра тергөөгө жиберүүнү соттон суранган. Соттук топ өз ара кеңешүүдөн соң мындай өтүнүчтү канааттандырып, ишти кайрадан Бишкек шаардык прокуратурасына жиберүү чечимине келди. Бишкек шаардык прокуратурасы өткөн айда аталган гезитке жарыяланган Замира Молдоева аттуу аялдын салык кызматындагы коррупциялык иштер боюнча кайрылуусунан улам басылманын башкы редакторуна карата “Билип туруп жалган маалымат таратты” деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон эле. (SM)

XS
SM
MD
LG