Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

«ХАЯТ» МЕЙМАНКАНАСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДА ЫЗЫ-ЧУУГА ЧЕКИТ КОЮЛА ЭЛЕК


Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан “Хаят Ридженси Бишкек” мейманканасынын айланасындагы ызы-чууга байланыштуу эртең Бишкек шаар мэриясы билдирүү жасаганы жатат. Мурдараак АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мейманкананы курчаган тосмо бузулгандыгына каршылыгын билдирип ТИМге нота жиберген. Шаар бийлиги мейманкананын тосмосун даңазалуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигине жол ачуу максаты менен бузганын айтып, аны өкмөттүн токтому жана акыйкатчы баштаган жарандардын кайрылуусу менен негиздөөдө. “Хаят” жетекчилиги бул маселе боюнча кандайдыр бир маалымат берүүнү каалаган жери жок.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Тышкы иштер министрлигине жолдогон нотада Бишкек мэриясы “Хаят Ридженси Бишкек” мейманканасын курчаган тосмону бузуп, мейманкананын менчигине зыян келтирди жана мыйзамдарды көзгө илбеген кадамга барды деп белгиледи.

Элчиликтин бул нотасын териштирген Бишкек мэриясы билдиргендей, алар мейманканага ээлик кылган “Италкир” ишканасына тосмону өз каалоосу менен алуу сунушу менен буга чейин бир нече ирет кайрылышкан. Бирок ага карабастан мейманкана жетекчилиги тарабынан мэрия койгон талап аткарылбай келген, дейт Бишкек шаар мэриясынын юридикалык башкармалыгынын жетекчиси Элдар Мамыров «Азаттыкка» берген интервьюсунда:

- «Хаят» мейманканасына бир нече жолу кайрылганбыз, өз сунуштарыбызды бергенбиз. Бирок биздин кайрылууларыбызга алар эч кандай жооп берген жок. Мейманканынын тосмосунун ичинде калган Бүбүсара Бейшеналиеванын айкелине элдер эркин барууга укгу бар, бул өкмөттүн токтомунда да бекиген. Биз ошол токтомду аткарып ушундай чараларды көрүп жататбыз. Бул маселе боюнча учурда мейманкана жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маалыматтарга караганда, «Хаят Бишкек» мейманканасы ижарага алган 2га жерге жылына 2600 доллар төлөп келген. Бирок бул төлөмдөр эски Жер кодексинин негизинде төлөнүп келген.

Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Аймэн Бакаев мейманкана жетекчилиги жаңы Жер кодекси боюнча иштөөгө макул болбой жатканын айтат:

- Булар 1999-жылы түзүлгөн келишим боюнча жерге жалпысынан эки жарым миңден ашуун доллар төлөп келишет. Бул эски Жер кодекси боюнча каралган төлөм. Эми андан бери канча жыл өттү, азыр чакан дүкөндөр андан көп салык төлөп келишет. Жаңы жер кодекси менен иштешели десек, алар «Биз келишимди эски Жер кодексинин негизинде түзгөнбүз, мыйзам чегинде иштеп жатабыз» деп жаңы кодекске макул болбой жатышат.

Айрым байкоочулар «Хаят» мейманканасынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу АКШ элчилигинин ТИМге нота жиберишин муниципалитеттин чарбалык ишине кийлигишүүсү катары баалашууда.

АКШ элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги жиберилген нота боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Тосмонун алынышы мыйзамсыз деп башында жар салып чыккан «Хаят» мейманканысынын жетекчилиги да аталган маселе боюнча азырынча маалымат бере албастыгын билдирди.

«Хаят Бишкек» мейманканасын курууда канча инвестор болгону, учурда мейманкана ким тарабынан ээлик кылынып жатканы тууралуу ачык маалымат жок. Болгону, буга чейин инвесторлордун бири италиялык ишкер Жоржио Фиакони экени айтылып келген.
АКШ элчилигинин нота жибериши боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов мындай көз карашын билдирди:

- Тосмонун алынышы туура, башка батыш мамлекеттерде деле мейманкана, отелдер ачык эле тосмосу жок турат. Алар коопсуздукка байланыштырса, бизде деле коопсуздук чаралары көрүлүп жатат. Ал эми АКШ элчилигинин нота жиберилишине баа берүү үчүн нотанын мазмуну, мейманкана менен мэриянын ортосунда түзүлгөн келишим менен таанышып чыгышым керек. Ал эми бул боюнча маалымат берилбей жатканын айтсам, анда алар бир нерсени жашырып жатат деп ойлойм.

Ал эми «Ак шумкар» партиясынын лидери, саясатчы Темир Сариев бийлик өкүлдөрү «мыйзам биз тарапта» дебестен, маселени сүйлөшүү гана жолу менен чечүүгө аракет жасашы керек дейт:

- «Хаят» мейманканасы гана эмес, башка маселелер боюнча бийлик орой мамиле жасап жатпайбы. Бул жерде бардыгы мыйзам чегинде чечилүүсү зарыл. Инвестиция тартышыбыз керек деп айтып жатабыз, анан бийлик ушинтип орой мамиле жасаса, инвесторлорду кысмакка алса ким келет.

XS
SM
MD
LG