Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

ПАКИСТАН ЧАЛГЫН КЫЗМАТЫНА ТЕРРОРЧУЛАРГА ЖАН ТАРТАТ ДЕГЕН ШЕК ТҮШҮҮДӨ


Чекиров Кубат, Прага Пакистандын премьер-министри Юсаф Раза Геланинин Кошмо Штаттарга жасаган сапарына кошул-ташыл Пакистандын уруулар жашаган аймактарындагы окуялар алдыга суурулуп чыкты. Гелани Вашингтондо Пакистандын чалгын кызматынын ооган жеринде кан төгүп аткан терористтер менен кызматташтыгы жөнүндөгү ыңгайсыз суроолорго кабылды.

Кошмо Штаттар менен Пакистандын жаңы өкмөтүнүн мамилеси чыңалган бойдон жазыла элек. Ооган-Пакистан чек арасындагы окуялар жана Пакистандын уруулар жашаган аймактарын уялаган согушчандардын ооган жериндеги кыянат иштери эки тараптын алакасына көлөкө түшүрүүдө. Ооган өкмөтү көп жылдардан бери эле Талибандын чыгышын Исламабаддын тышкы саясатынын жемиши катарында көрүп келатат. Кабул ошондой эле Пакистандын коопсуздук күчтөрү өз аймагында бекинген согушчандардын ооган жерине кирип кол салып жатышканына жең ичинен тилектеш болуп же көрмөксөн болуп жатат деп дагы айып коюуда.

Ал эми шаршембиде "Нью-Йорк Таймс" гезити АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматы Ооган жеринде кайра кайра кан төгүп аткан террорчулар менен тымызын байланышта болушу мүмкүн деп Пакистандын чалгын кызматынан шектенип жатканын жазып чыкты. Гезит кабарчылары чалгын жана аскердик булактарга таянып, Пакистандын тымызын кызматы согушкерлер менен кызматташып жатканы жөнүндө далилдерди Борбордук Чалгын Кызматынын өкүлү Исламабадга алып барганынан бери белгилешкен. Ал түгүл 60 адамдын өмүрүн жуткан Кабулдагы Индия элчилигин жардырууну жасагандар пакистандык чалгынчылар менен тыгыз байланышта жүргөн террорчулар экени айтылган.

Пакистандык бир катар атка минерлер Исламабаддын коопсуздук аппаратында согушчандарга жан тарткан бузукулар болушу ыктымалдыгын мурда жокко чыгарышкан эмес. Бирок Пакистандын премьер-министри Юсаф Раза Гелани Вашингтондогу сапарынын жүрүшүндө PBS cыналгысына сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн чалгын кызматынын экстремисттер менен байланышы бар экендиги жөнүндө билдирүүлөрдү төгүнгө чыгарды.

"Чалгын кызматы чынында чоң мекеме. Ал дайыма Пакистандын ички жана сырткы коопсуздуктары үчүн иштейт. Бирок анда иштеген айрымдар согушчандарга жан тартып атат деген сөз чындыкка жатпайт. Биз мындайга жол бербейбиз, анткени чалгын кызматы түздөн түз премьер-министрдин алдында иштейт»,-деди Гелани.

Талдоочуларды кызыктырган суроо Чалгын кызматынын үстүнөн Жилани канчалык бийлик жүргүзө алат деген маселе болду. Ушул жумада эле Геланинин өкмөтү чалгын кызматынын үстүнөн көзөмөлдү ички иштер министрлигине берүүгө аракет кылган эле. Ошондон кийин Гелани армия жетекчилери тарабынан чоң каршылыкка кабылган болчу.

Делиде чыгуучу "Jane's Defence Weekly гезитини кабарчысы Раул Беди Пакистандын Чалгын кызматы соңку 20-25-жыл ичинде күчтүү болуп кетти, аны аскердик башкаруудан алып чыгып жарандык коомдун көзөмөлүнө коюу оной болбой калды дейт.

Нью-Йорктогу эксперт Барнет Рубиндин айтымында, Чалгын кызматы Пакистан өкмөтүнүн көзөмөлүндө болгон менен анын бюджетин армия башкарат.

XS
SM
MD
LG