Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:14

16:05 Кыргызстанда электр кубаттуулугун пайдалануунун жаңы чектери киргизилди


Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, электр жарыгын пайдалануу буга чейинки чектен дагы 30 пайызга аз болот. Министрдин айтымында, мындай чара “Токтогул” суу сактагычында сууну эң төмөнкү деңгээлге чейин түшүрбөө жана кышында жылуулук сезонун ийгиликтүү өтүү максатында көрүлүүдө. Буга чейин өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги 1-августтан тарта электр жарыгы убактылуу өчүрүлө баштайт деп билдирген. С. Балкыбековдун айтымында, электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнүн так убактысы жакынкы күндөрү аныкталып, коомчулукка маалыдалат. Ошондуктан, дейт С. Балкыбеков 1-августтан 2009-жылдын март айына чейин электр жарыгын пайдалануу боюнча чек бекем сакталышы керек.(MSu)

XS
SM
MD
LG