Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

8:30 Жумакадыр Акенеев: Кыш бою топтолгон 11 млрд куб суу кайда кетти?


Экономист Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда айткан пикири боюнча Токтогул суу сактагычында кыштан калган 6,5 млрд куб суу бар болчу. “Жыл сайын Нарын дарыясынан 5 млрд куб суу кайра суу сактагычка куюлат. Бул чогулган суу кайда кетти,” дейт экономист. Анын айтуусунда кыргыз өкмөтү кышка таптакыр даяр эмес, Бишкек ТЭЦинде жылуулук сезонуна карата 800 миң тонна көмүр даярдалууга тийиш болсо, азыр 11 миң тонна гана көмүр бар. “Кышка чейинки 3-4 ай ичинде калган 789 миң тоннаны кайдан, кантип алабыз? Атүгүл эч кандай жолу да көрүнгөн жок,” деген экономист бул кризистен чыгуу үчүн президент башында туруп, чоң программа түзүү зарылчылыгы бар, деген сунушун билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG