Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

8-августта баштала турган XXIX Бээжин олимпиадасына Кыргызстандан 20 гана спортсмен ат салышкан жатат. Бул мурдагы олимпиадага салыштырмалуу саны боюнча аздык кылат. Ага эмне себеп жана чет жерде жүргөн Кыргызстандык спортчулар эмне үчүн өлкөгө келбей жатышат? “Азаттык” үналгысы менен Улуттук телеканалдын биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн катышуучулары Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов жана Спорт, дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Касенов.

“Азаттык”: Алгачкы сөздү, Алмаз мырза сизге берсем, Бээжин олимпиадасында спорттун 28 түрү, 35 дисциплина боюнча мелдеш өткөрүлөт эмеспи. Ага катышып жаткан 203 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын 20 спортчусу да ат салышкан жатат. Кыргыз спортчулары саны боюнча аздык кылбайбы жана алар алтын, күмүш медалдарга ээ болот деген ишеним барбы? Мамлекет 30 милллион сом бөлүп, даярданууга бардык шарттар түзүлдү деп жатат. Чын эле ошондой болдубу же жетишпеген көйгөйлөр барбы?

Алмаз Касенов: Башка олимпиада оюндарына караганда, албетте, саны боюнча азыраак болуп жатат. Бирок сапаты боюнча менин оюмча алардан кем болбойбуз. Ишенгенибиз балбандарыбыз болуп турат. Бул олимпиадада Кыргызстан үчүн бир медаль алып келет деген ойдобуз. Азыр бардык ишенич балбандарда болуп турат. Даярдыктарды көрүп турган чагыбыз, кудай буюрса, олимпиада оюндары болгондо көрөбүз.

“Азаттык”: Жалпы олимпиадага катыша турган спортчулар жөнүндө кыскача маалымат берип кетсеңиз.

Алмаз Касенов: Бул олимпиадага спорттун тогуз түрү боюнча жыйырма спортчу катышкан турат. Алар эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзюдо күрөшү, ок атуу, сууда сүзүү, таэквандо, жеңил атлетика жана фехтование оюндары боюнча күч сынашат. Ар бир команданын машыктыруучулары да олимпиадага барат.

“Азаттык”: Канат мырза, олимпиадалык мелдештерге даярдыктардын тарыхын иликтеп көрсөм, башка мамлекеттер мелдештерге даярдыкты кеминде 4-5 жыл мурун баштап, башкы орундарды алууга аракет кылышат экен. Ал эми Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети ушул Бээжин олимпиа оюндарына катышат деген 10 спортчуга 600 доллардан берип, даярдыкты 1,5 жыл гана мурун баштады. Бирок алардын да көбү жолдомо ала алышкан жок. Кыргызстан кезектеги олимпиада аяктаган соң эмкиге жакшы даярданабыз деп тиштенип калат да, мелдешке келгенде эле баягы көрүнүш. Эмне үчүн мыкты даярдыктар көрүлбөй келет? Спортчуларды даярдоодо каражаттан тышкары дагы кандай ири тоскоолдуктар бар?

Канат Аманкулов: Ар бир олимпиадага катышууга спортчуга жана машыктыруучуга төрт жыл мөөнөт даярданыш керек. Бир олимпиада бүткөндөн кийин жыйынтыгын чыгарып, бир чечимге келип, андан кийинки өтө турган олимпиадага бир багыт коюп анан даярданыш керек. Жалпынан биздин саясат туура жолдо. Мисалы үчүн өткөн олимпиададан кийин өкмөттүн токтому чыккан. Ал токтомдун негизинде биз Бээжин олимпиадасына даярданышыбыз керек болчу. Тилекке каршы, акыркы бир жарым, эки жылдын ичинде буга көп көңүл буруп, өзгөчө даярдык жүрүп жатат. Бир жарым жыл калганда олимпиада комитети стипендия берип жатат деп жатпайсызбы. Эл аралык олимпиада комитетинин эрежеси боюнча биз эң алдыңкы спортчуларыбызды мамлекеттик агенттиги жана федерация менен биригип эң алдыңкы он спортчуну тандап анан сунуш бергенбиз.

“Азаттык: Алардын баары тилекке каршы жолдомо ала алышкан жок да?

Канат Аманкулов: Тилекке каршы, баары тең лицензия ала алган жок. Былтыр мамлекеттик агенттик биздин алдыңкы спортчуларга толугу менен шарт түзүп берди. Бул акыркы жылдын эң жакшы көрүнүшү деп ойлойм. Тилекке каршы, биздин кээ бир спортчуларыбыз биздин Улуттук комитеттин жана мамлекеттин алдыга койгон максатын аткара албай калышты. Эң башкы себеп, биринчиден, спортчуларыбыздан кетти го деп ойлойм. Себеби, аларга толугу менен шарт түзүлүп берилип, айына 30-40 миң сом каражат алып турушту. Сиз айтып жатпайсызбы, жолдомо албай калышты го деп. Бул биздин спортчуларыбыздын анча-мынча шалаакылыгы. Бул жерде улуттук намыс жок. Экинчиси, машыктыруучулар менен федерациянын уюштуруу маселелери бир аз туура эмес чечилип калган.

“Азаттык”: Канат мырза, сизге дагы бир суроо. Бээжин олимпиадасына Кыргызстандын туусун дзюдo чебери Талант Жанагулов көтөрүп бара турган болду. Афина олимпиадасында туу көтөргөн Витал Шарипов допинг көзөмөлүнөн өтпөй калбады беле. Бул жолу ич күйдүрө турган мындай учур болбойбу?

Канат Аманкулов: Мен биздин азыркы курама командабызда допинг боюнча кандайдыр бир тоскоолдук болбойт деп ойлойм. Эмнеге дегенде эл аралык допинг комитети аркылуу биздин алдыңкы спортчуларыбыз эл аралык турнирлерде кайсы жерде болбосун үч айда бир допинг текшерүүдөн өтүп турушат. Андай болбойт деген оюм бар.

“Азаттык”: Алмаз мырза, буга чейин Азия чемпиону Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев олимпиадалык мелдешке бышып жетилип калды деген үмүт күчтүү эле. Бирок алар жолдомо ала албай калышты. Буга эмне себеп болду же аларга жеткиликтүү көңүл бурулбай калдыбы?

Алмаз Касенов: Өкүнүчтүү болуп турат. Эмнеге дегенде элдин баары эки жигитке көнүп калышыптыр. Эки жигитибиз Бээжин олимпиадасына барып чоң ийгиликтерге жетет деп жатышкан. Тилекке каршы, алар бул олимпиадага жолдомо ала албай калышты. Мындай кемчилик, мен ойлойм спортчуларыбыздын өзүлөрүнөн кетип жатат. Өзүлөрүнүн ийгиликтерин туура кабыл алышпай, бир аз “жылдыз” оорусу менен ооруп калышкан сыяктуу көрүнөт. Же болбосо аларга бардык шарт түзүлүп берилген. Экөө тең олимпиада комитетинен 1 миң долларга жакын стипендия алып жүрүштү. Тактап айтканда, олимпиада комитетинен 600 доллар жана бизден 15 миң сомдон. Бардыгы бир миң доллардын тегереги болуп калат. Андан сырткары бардык мелдештерге, бардык даярдыктарга барып жүрүштү. Алар уүчүн эч кандай тоскоол болуп, эки жакка жибербей коюу деген болгон жок. Бул жерде спортчуларыбыздын өзүлөрүнөн кеткен күнөө. Экинчиден, машыктыруучулар да бир аз туура эмес иштерди аткарышты. Спортчуларга катуу талап коюш керек эле.

“Азаттык”: Спортчулардын арасында эреже жокпу? Бир бийиктикке чыккандан кийин экинчи бийиктикти багындырыш керек деген сыяктуу талап коюлбайбы?

Канат Алымкулов: Ар бирине талап бар. Эрежеси да бар. Баары билишет. Ар бири чоң ийгиликти сактап калыш үчүн мурункудан да көбүрөөк машыгыш керек. Булар ушул принципти бир аз туура эмес колдонуп коюшту. Балким машыккандарын бир аз азайтып коюшкандыр же биз барып эле утуп алабыз деген кенебестик бар го.

“Азаттык”: Канат мырза, Бээжин олимпиадасын көрүүгө мамлекеттик канча кызматкер барган жатат? Өлкө жетекчиси Курманбек Бакиевдин да баруусу белгилүү болду, президентти коштоп канча киши барганы жатат жана аларга олимпиада комитетинен расмий уруксат алындыбы? Афина олимпиадасына мурдагы премьер-министр Николай Танаевди коштоп чакырыгы жок көп киши барып, жатаарга жер жок чатак болду деген маалымат тарабадыбы беле?

Канат Аманкулов: Бул Бээжин олимпиадасында андай көрүнүштөр болбойт. Себеби биздин Улуттук олимпиада комитети алдын ала баардык маселелерди чечкен. Президенттин жанында бара турган жети киши бүгүнкү күндө аккредитацияны расмий түрдө алышкан. Муну расмий делегация дейбиз. Андан тышкары спорт делегациясы болуп 39 киши бекитилген. Муну мамлекеттик агенттиктин директору Александр Воинов менен биздин Улуттук олимпиада комитетинин президенти Марат Саралинов болуп бекитишкен. Кыргызстандын делегациясы 20 спортчу, 11 машыктыруучу, 2 дарыгер, 2 журналист жана төрт официалдуу киши барат. Анын бири А. Воинов өзү, анын орун басары Алмаз Касенов жана Жогорку Кеңештин спортко жооп берчү комитетинин төрагасы Орзубек Назаров. Бул чектен ашык киши барбайт.

Азаттык”: Алмаз мырза, Бээжин олимпиадасын көрүүгө кызыккандар үчүн 100гө жакын билет берилди деп уктук эле. Азыр алардын көбү Австралиялык, Казакстандык күйөрмандарга сатылып кетти деген маалымат пайда болду. Ошол билеттерди мурдатан сатып алууга 80 миң доллар табылган жокпу? Ошондой эле пайда табуу үчүн чет элдиктерге ар бир билет 7-8 миң доллардан сатылды деген имиш чынбы?

Алмаз Касенов: Бул жагын мен айта албайм. Буга Улуттук олимпиада комитети жооп берсе жакшы болот. Чындыгында уюштуруу маселелерди аталган комитет алып барат. Ар кандай имиштерди далилдеген фактыны эч ким колго кармаган жок, көргөн жок.

“Азаттык: Канат мырза, демек, көргөн жок деп ал билеттер жең ичинен сатылып кеттиби?

Канат Аманкулов: Кыргызстанда Мамлекеттик агенттик, Улуттук олимпиада комитети аркылуу бир дагы билет сатылган жок. Биз былтыр жаңы жылдын алдында жана жаңы жылдан кийин деле расмий түрдө интернет аркылуу, гезит аркылуу Кыргызстандын жарандарына сунуш кылганбыз. Кимде ким олимпиада оюндарына бара турган болсо, биз Кыргызстандан “Кыргыз-Трэвел” деген компания менен келишим түзгөнбүз. Ошол аркылуу билеттерди заказ кылсаңар болот деген маалыматты таратканбыз. Эмне дегенде мен барам, бирок эртең барам деп кыргызчылыкка салган болбойт. Буга алдын ала сунуш кылынат. Кайсы оюнга барам, жатакана меселеси, жол маселелери бар дегендей. Андыктан туристтик фирмалар буга макул болуп, биз менен келишим түзүшкөн. Мен ачыгын айтайын, Улуттук олимпиада комитетине май айына чейин бир дагы сунуш келген жок. Мен олимпиадага барам, мага билет сатып бергиле деген.

“Азаттык”: А балким маалымат таратуу жагы жакшы иштебей калгандыр?

Алмаз Касенов: Биз колдон келген маалыматты интернет аркылуу, телевидение аркылуу жана гезит аркылуу тартууга аракеттендик. Былтыр Бээжин олимпиадасына даярдык көрүү үчүн барып, уюштуруу комитетинин жыйынтыгы болгондо мен өзүм айтып чыккам. Эмнеге Улуттук олимпиада комитети мындан баш тартты? Сиз айтып кеткен сөз туура. Билетке 70-80 миң долларлык каражат жок. Ага билет алдын-ала сатылып алыныш керек болчу. Андан тышкары биздин жарандарга дагы транспорт маселесин, жатакана маселесин чечиш керек. Бүгүнкү күндө баары эле артынан айтканды жакшы көрүшөт. Мен андыктан муну расмий түрдө Улуттук олимпиада комитетинин атынан, Эл аралык олимпиада комитетинин атынан, Бээжин олимпиадасынын уюштуруу комитетинин атынан айтып кетким келет.

“Азаттык”: Кыргызстанда спорт саясатынын жоктугунан таланттуу мыкты спортчулар башка мамлекеттерге кетип калышпадыбы беле. Ушундан уламбы Бээжин олимпиадасына “легионерлер” же башка өлкөнүн спортчуларын жалдап алып келдиңиздер. Канча легионер мелдешке баратат жана алар Кыргызстан үчүн чындап ат салышат деген ишеним барбы? Эмне үчүн кыска, алысты көрө албаган ирээтсиз иштер жасалып жатат? Ага башкы себеп эмне? Бул суроо экөөңүздөргө тең тиешелүү.

Алмаз Касенов: Эркин күрөштөн үчөө жана фехтованиеден бир легионерибиз бар. Биз муну кандай түшүндүрсөк болот? Бул дүйнөлүк практикада бар. Көп эле мамлекеттер башка мамлекеттерден мыкты спортчуларды сатып алышат. Алар менен келишим түзүлөт. Алар ошол мамлекеттин намысын коргоп беришет. Азыр олимпиадага бара турган биздин легионерлерибиз Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Аларда Кыргызстандын паспорту бар. Менин оюмча алар Кыргызстандын намысын коргоп берүүгө аракет кылышат. Эмне дегенде биз балдар менен сүйлөшүп көргөнбүз.

“Азаттык”: Акчаны башка спортчуларга коротпой, өзүбүздүн жигиттерибизге жумшасак болот беле?

Канат Аманкулов: Жогоруда айтып кеткендей бул эркин күрөш боюнча федерациянын алдыга койгон максаттары, багытты туура эмес алып барган иштери деп ойлойм. Андыктан бул жерде ушундай аргасыз иш болуп жатат. Алмаз мырза айткандай, бул спортчулардын баары тең алдыңкы спортчулар. Эл аралык деңгээлде алардын рейтингдери бийик. Биздин балбандарга караганда алардын рейтингдери бир топ өйдө турган спортчулар деп эсептейбиз. Бирок бул анча мынча болсо да туура эмес багытта болгон иш деп ойлойм.

“Азаттык”: Ушундай окуялардан улам бул Улуттук олимпиада комитети дагы, спорт боюнча мамлекеттик агенттик дагы уюштуруу иштерин, спорт саясатын ыраттуу түрдө координациялап жүргүзө албай жатат деген элдин оозунда кеп бар. Ошондуктан ушундай натыйжалар чыгып жатат деген ойлор айтылып келет. Мунун чындыгы барбы?

Алмаз Касенов: Негизинен спорт тармагындагы проблемаларыбыз абдан чоң. Ага көп убакыт талап кылынат. Бизде өзгөчө эркин күрөштүн начарлап кетиши эмне себептен болгонун жакында федерацияда талкууга алабыз. Эмне үчүн мамлекет тарабынан дагы, федерация тарабынан дагы көп акча кетти. Буга ким күнөөлүү деп күздө боло турган жыйында тактап, анализди элге айтып беребиз.

“Азаттык”: Мурда Кыргызстанда 300 чакты спорт мектеби бар эле, азыр алардын көбү жеке менчик колго өтүп, дүкөн, сарай сыяктуу жайларга айланып калды. Андан тышкары “Буревестник”, “Колхозчу” сыяктуу спорттук бирикмелердин дайыны жок болуп кетти. Спорт жаатындагы саясаттын ырааттуу жүргүзүлүшү үчүн координациялык кеңеш бар, бирок анын деңгээли жоктугунан абал ушундай болуп жатат деген көз караш күчтүү. Эгер Бээжин олимпиадасында алтын же күмүш медаль алынбай калса, мына ошондо “бара көрөбүз” деген илээнди иш далилденеби?

Алмаз Касенов: Биринчиден, сиз айткан 300 мектеп деген менин оюмча бул туура эмес. Бизде Советтер Союзунун убагында 130га жакын спорт мектептери болгон. Ушул тапта 84 спорт мектеби сакталып калды. Андан сырткары спорттук, коомдук уюмдардын көпчүлүгү жоюлуп кетти. Бул спорттук коомдук уюмдар болчу. Аларды мамлекет каржылабайт. Бул спорттогу дагы бир кризистин келип чыгышы болуп саналат. Ага экономикабыздын начарлап кетиши башкы себеп. Эмне дегенде спортко көп чыгым жумшоо керек. Биздин экономикалык абалга байланыштуу көп чыгым жумшалбай калды. Көп машыктыруучуларыбызды жоготуп алдык. Көпчүлүгү башка жактарга кетип калышты. Советтер Союзундагы спорт базалардын баары талкаланып бүткөн. Жаңы спорт базалардын салынбагандыгынан, резервдердин даярдалбагандыгынан ушундай абалга келип отурабыз. Бирок азыр шарт түзүлүп жатат. Ал кризистен чыгып кетишибиз керек.

“Азаттык”: Сиздердин агенттикте дайыма эле спортко каражат бөлүнбөйт, спорт көп акчаны талап кылган тармак деген шылтоолор айтылып жүрөт. Азыр Кыргызстанда деле чөнтөгү калың адамдар пайда болуп калды. Аларды демөөрчүлүккө тартуу боюнча аракеттер көрүлсө болот беле?

Алмаз Касенов: Болот эле. Бирок бизде Казакстан, Россия же батыш өлкөлөрү сыяктуу миллионер деген бай адам жок. Бардыгы эле мамлекеттик кызматта иштешет. Бир аз бизнес кылабыз дейт. Россияда жапа тырмак келип жардам беришет. Бизде андай абал жок. Мен баймын, мен акча берем деген киши жок. Бирин-серин демөөрчүлөр бар. Атын атай кетсем мисалы, Аскар Салымбеков, “Абдыш атаны” колдогон Сакебаев мырзаларыбыз бар. Колдон келишинече спорт тармагын колдоп жүрүшөт. Бирок бул жетиштүү эмес экен.

“Азаттык”: Кыргызстандын намысын коргоп, дүйнөгө тааныта турган тармактардын бири ушул спорт. Бул тармакта ырааттуу саясат жүргүзүлүш керек экендигин президент деле айтып жатат. Улуттук олимпиадалык комитет деле иштеп жатат, бирок эмнегедир кыргыз менталитетине таандык “бара көрөбүз” деген мамиле үстөмдүк кылып жаткандай. Ушул олимпиадада ушунча алтын, мынча күмүш же коло медаль алабыз, спорттун бул түрүн күчөтүшүбүз керек деген ырааттуу, жыл гана эмес мүнөт, саатына чейин такталган аракет болбой жаткансыйт. Буга эмне себеп?

Канат Аманкулов: Жалпы эсеп менен айтканда, мамлекеттин спорт боюнча саясатын мамлекеттик агенттик жүргүзүш керек. Алар уюштуруш керек, чогултуш керек. Улуттук олимпиада комитети эл аралык комитеттин бөлүмү болуп эсептелет. Мамлекеттен биз бир тыйын албайбыз. Башка мамлекеттерди алып көрсөк мисалы, Россиянын олимпиада комитетин. Мамлекет жылына бир топ акча бөлөт. Биз өзүбүздүн колубуздан келген өзүбүздүн бюджетибизге жараша, өзүбүздүн уставыбызга жараша аракеттерди кылып жатабыз. Бирок мен дагы бир жолу айтып кетейин, Кыргызстандын спорт жана дене тарбия саясатын кыргыз өкмөтү менен өкмөттүн алдындагы агенттиктин түзмө-түз иши.

“Азаттык”: Канат мырза айткандай сиздер жүргүзө турган түзмө-түз ишиңиздерде бөгөт болуп жаткан башкы тоскоолдук эмне? Каражаттан сырткары.

Алмаз Касенов: Тоскоолдук кадрлардын жетишсиздиги. Бул абдан чоң маселе. Ага карабай биз күздө өзүнчө дене тарбия, спортту өнүктүрүү боюнча жалпы мамлекеттик программа кабыл алабыз. Аны Улуттук олимпиада комитети, коомдук ишмерлер менен иштеп чыктык. Күздө жалпы программа кабыл алсак, менин оюмча алдыга жылыш башталат.

“Азаттык”: Сиз туура белгилеп кеттиңиз. Жаш спортчуларды, жаңы муунду тарбиялап чыгыш үчүн дагы кадрлар керек. Тилекке каршы алардын көпчүлүгү башка мамлекеттерге кетип калышкан. Азыр жалгыз гана дене тарбия институту физкультура боюнча мугалимдерди даярдап жатат. Бирок алардын көпчүлүгү башка жактарга кетип калып жатышат. Андыктан айрыкча айыл жергесиндеги мектептерде же тарых мугалими же орус тил мугалими дене тарбия сабагын берип жатканы факт. Бул багытта да кадрларды ырааттуу тарбиялоо үчүн мамлекеттик деңгээлде саясат жүргүзө албай жатасыздарбы?

Алмаз Касенов: Биз колдон келишинде көңүл буруп жатабыз. Бул жерде башка маселе бар. Айрыкча маяналар абдан аз болуп жатат. Муну мамлекеттик деңгээлде чечиш үчүн бүт жалпы мугалимдердин, машыктыруучулардын айлык маяналарын көбөйтүш керек. Машыктыруучулар да мугалимдердин катарына кирет. Мисалы машыктыруучу болуп академияны бүтүп келген жигиттер 500 сом маяна алат. Ал 500 сомго кантип жашайт? Биз кээ бир мектептерге экиден ставка беребиз. Ошондо бир миң сом алат. Стажды көбөйтүп, айлык маянаны 1500-2000 сомго көтөрүш үчүн ага дагы он жыл керектелет. Кадр меселесинин бир себеби ушул. Эгерде биз алардын айлыктарын чечип албасак, беш-алты жылдан кийин биз чет мамлекеттерден миңдеген долларларга кадрларды сатып ала албайбыз. Муну жалпыбыз менен мамлекет тараптан көтөрүп албасак, кадрларды оңой менен кармай албай калабыз. Бул жалпы мамлекеттик проблема болуп жатат.


“Азаттык”: Кыргыз ат жалында ойногон элдердин бири эмеспи, эмне үчүн ат спорту боюнча мыкты спортсмендер чыкпай жатат?

Канат Аманкулов: Бизде бүгүнкү күндө ат спорту боюнча адистер бар. Тилекке каршы, ат спортуна көп каражат керектелет экен. Ат спортун чыгарыш үчүн башка спорт тармагын жаап коюш керек. Буга аябайгандай көп каражат сарпталат. Биз муну иликтеп чыкканбыз. Андан тышкары Кыргызстандын ветеринардык кызматы өтө төмөнкү деңгээлде иштегендиктен биздин тулпарларды Алматыдан ары чыгара албайбыз. Олимпиадага жолдомо алган күндө да ал жакка аттарыбызды алып бара албайт болчубуз. Эл аралык ветеринардык кызматкерлер бизге уруксат бербейт. Себеби бизге мал оорулары көп, ар кандай ылаңдарды алып келесиңер деген негизде уруксат бербейт. Ал багытта да биз иш сапарына барганбыз. Биздин Улуттук олимпиада комитетинин орун басары Садыр Мамытов ат спорту боюнча федерациянын башчысы. Колунан келген аракетти кылып жатат. Тулпарларды алып бергенге аларга мамлекеттик агенттик жардам берип, машыктыруу жүрөт. Бирок бул Азиянын деңгээлинде гана жүрүп жатат.

Уруксат берсеңиздер мен спорт саясаты боюнча айтып кетейин. Бул спорт жана дене тарбия боюнча саясатты мамлекеттик агенттик координация кылышы керек. Биз көп нерсени унутуп коюп жатабыз. Элге билим берүү министрлиги такыр өспүрүмдөрдүн ден соолугун карабайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы өзүлөрү менен өзү болуп жүрүшөт. Булар адамдарды айыктыруу менен жана билим берүү менен машыгып калышкан. Ал ооруну алдын ала кантип жок кылыш керек? Мурда орусча айтканда, профилактикалык медицина жок. Профилактика деген бул- дене тарбия. Билим берүү министрлигинин аракети менен биз жаштардын баарын математик, баарын юрист кылып койдук. Мына эл аралык деңгээлде эмне болдук? Эл аралык сынакта Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрү эң акыркы болуп кайтып келди. Ден соолугун эч ким караган жок. Бул жерде бирдиктүү саясат зарыл. Ал эми адистер боюнча айтып кетсем, биздин Улуттук олимпиада комитетинде олимпиадалык академия бар. Алар менен бирдикте китеп жазып чыктык. Билим берүү министрлигине жакын арада сунуш кылабыз. Анын башкы максаты-мектептин баарында олимпиада боюнча сабактарды өткөрүү.

“Азаттык”: Мындай аракеттер сиздер тараптан колдоого алынабы?

Алмаз Касенов: Жалпы мамлекеттик программа кабыл алган жатабыз деп айтып кеттим. Ал программада бүт жагы камтылган. Эгерде ал программаны кабыл алсак, элге толугу менен жеткиребиз. Спорт мектептеринин мугалимдерин, жетекчилерин чакырып, программа менен тааныштырып, жыл сайын аларды бир сыйра окутуп, чоң программаларды көтөрүп турабыз.

“Азаттык”: Маегиңиздерге рахмат.

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек
XS
SM
MD
LG