Он бир мүчөлүү конституциялык соттун соңку отурумунда башкаруудагы АК партия бир гана соттун добушунун шарапаты менен тарыхтын чаңдуу барактарына кошулуп кетүүдөн кутулду. Консоттун АК партияны жаап салбай, аны мамлекеттик жөлөк пулдун жарымынан кур калтыруу тууралуу чечими айрым чөйрөлөрдө, баарынан мурда оппозициялык партиялар тарабынан башкаруучу партияга берилген “сыйлык” катары бааланып жатканы менен партия бул токтом аркылуу абдан күчтүү эскертүү алганы калетсиз. Партиянын төрагасы, премьер министр Режеп Тайип Ердоган соттун чечими тууралуу жасаган алгачкы баяндамасында партиясынын секулярдуу, дин карманбаган мамлекеттик түзүмгө болгон лоялдуулугун бекемдеди.
“Ушу тапка чейин эч качан лайиктике каршы иш-аракеттердин очогу болбогон АК партия мындан ары дагы жумуруятыбыздын баштапкы байманаларын көздүн карегиндей сактоосун уланта берет”, деген Режеп Тайип Ердоган АК партия ишмердүүлүгүндө ката кетиргени чын болсо эми мындан ары андайга жол берилбей тургандыгын бышыктады:
“Башкаруучу партия катары өлкөбүздө саясий, коомдук жана экономикалык туруктуулуктун бузулушуна, элибиздин ынтымактуулугунун алсырашына алып келе турган жараянда кайдигер мамиледе болушубуз мүмкүн эмес.”
Көптөгөн жергиликтүү журналисттер менен эл аралык айрым серепчилер консоттун чечимин АК партиянын дарегине берилген күчтүү эскертүү катары баалашууда.
“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кызматкери Род Шадиди дагы ушундай ойго кошулгандардын бири:
“Берилген эскертүү анык. Адилет жана Өнүгүү партиясы башкаруу тизгинин колунда кармап кала берет, бирок эскертүү белгисин көрдү. Учурда коомдо аскерий кийлигишүүгө колдоо жок жана саясий маселелер боюнча оппозиция өз ичинде ынтымаксыз. Бирок саясий оюн ойнолуп бүтө элек. Эгерде АК партия консоттун чечимин олуттуу баалап, тийиштүү тыянакты чыгарбаса, соңу эмне менен бүтөөрү бүдөмүк. Жаңыча таймаштар али алдыда турат.”