Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:23

Х.Солана менен Саид Жалили Ирандын өзөктүк программасын талкуулашты


Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солана Ирандын өзөктүк программа боюнча өкүлү менен телефон аркылуу баарлашты. Евробиримдиктин атын атабаган аткаминеринин айтымында, Хавьер Солана менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүлү Саид Жалили бүгүн телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу азырынча толук маалымат чыга элек. Жекшемби күнү АКШ расмий Тегеран уранды байытуу иштерин токтотууга макул болбогондуктан БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга карата катаал чектөөлөрдү киргизиши керек деп билдирген.

XS
SM
MD
LG