Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

А. СОЛЖЕНИЦЫН АР ДАЙЫМ ӨЗ ҮЙҮНДӨ КӨЗ ЖУМГАНГА ҮМҮТ АРТЧУ


Аида Касымалиева, Бишкек Нобель сыйлыгынын ээси, Орусиянын адабий алпы, сталиндик лагерлердеги ырайымсыздыкты ачык сүрөттөп жазам деп диссидентке айланган Александр Солженицын 89 жашында дүйнөдөн кайтты.

Солженицындын уулу Степандын айтымында, жазуучу жекшемби күнү кечинде Москванын чет-жакасында жайгашкан үйүндө жүрөк оорусунан каза тапты.

-Ал күтүүсүз жерден дүйнөдөн кайтты, салыштырмалуу күтүүсүз болду десек жарашат. Ал ар дайым өз үйүндө көз жумганга үмүт артчу. Ошондой эле болду. Себеби атам ооруканада же көп убакыт бою сыркоолоп төшөктө жатып калууну каалачу эмес. Жекшемби күнү ал бул дүйнө менен кош айтышты.

Солженицын саясий көз карашы үчүн сегиз жыл абакта отуруп чыккандан кийин “Иван Денисовичтин бир күнү” аттуу аңгемесин жазган. Александр Исаевич биринчи жолу Советтер Союзунун эмгек-түзөтүүчү лагерлеринин башкармалыгындагы - ГУЛАГдардагы адам чыдагыс акыбалды чагылдырган. Бул лагерлерди Солженицын “адам этинин тегирмени” деп сүрөттөгөн.

Аңгеме менен окурмандар 1962-жылы гана тааныша алышкан. Себеби бул жылдары Никита Хрущев бийликте болуп, диктатор Иосиф Сталиндин доорун кескин сындоо башталган мезгил келген эле.

Солженицындын чыгармалары Советтер Союзунун көптөгөн жарандары үчүн ачылыш жараткан. Мына ошолордун бири бүгүн “Рейтер” маалымат агенттигине мындай деди:

- Менин курагымдагы адамдар үчүн жазуучу Орусиянын тарыхына, Советтик режимге такыр башка көз менен кароого мүмкүнчүлүк ачкан. Анын китептерин окуганга чейин мен таптакыр башка ойдо болчумун.

Алгач “Новый мир” журналына чыккан “Иван Денисовичтин бир күнү” аңгемеси китеп болуп жарыкка чыгат да, көз ачып жумгуча сатылат.

Бирок Хрущев бийликтен кеткенден кийин Солженицын жаңы жетекчилерге кайрадан жакпайт. 1970-жылы жазуучу Нобель сыйлыгын алат, бирок Стокгольмго сыйлык тапшыруу аземине барбоону чечет, себеби кайрадан Советтер Союзуна кайтып келишине көзү жетпейт.

“Иван Денисовичтин бир күнүнөн кийин” жазуучу Кремль жактырбаган “В Круге первом”, “Раковый корпус” аттуу чыгармаларын жазат. 1973-жылы эң таанымал “Архипелаг ГУЛАГ” романынын биринчи бөлүгүн бүтүрөт. Жазуучунун бардык чыгармалары советтик режимди кескин сындаган жана сталиндик лагерлердеги турмушту ачыктаган.

Кыргыз эл жазуучу Казат Акматов бул мезгилди мындайча сүрөттөдү:

- Брежнев Солженицынди «антисоветчик» деп кайра куугунтуктай баштайт. Себеби Сталинге сыйынуунун бетин ачам деп атып, бүткүл дүйнөгө шылдың кылды деген шылтоо менен аны чет өлкөгө айдап жиберишет.

Мына ошондуктан 1974-жылы Солженицын советтик жарандыгынан айрылып, 1974-жылы СССРдин аймагынан чыгып кетүүгө аргасыз болот. Чет өлкөгө Солженицын жаңы эле үйлөнгөн экинчи аялы Наталья менен бет алат.

Жазуучу 1970-жылы ыйгарылган Нобель сыйлыгын төрт жылдан кийин гана Швециянын падышасы Карл Густавдын колунан алат.

Швейцарияда бир аз убакытка токтогон Солженицындардын үй бүлөсү АКШнын Вермонт шаарына көчүп барышат.

Бирок жазуучунун батыштагы жашоосу оңой-олтоң өтпөйт, Александр Солженицын батыштан да тез эле көңүлү калат.

1990-жылы Михаил Горбачев Солженицынге Советтер Союзунун жарандыгын кайтарып берет. Орусияда көз жумууну тилек кылганын эч качан жашырбаган Солженицын өз мекенине кайтып келүүгө камына баштайт.

Өз Ата-журтун жыйырма жыл көрбөгөн Солженицынды 1994-жылы Советтер Союзу урагандан эки жыл өткөндөн кийин орус эли "баатыр" катары тосуп алат.

1994-жылы Мамлекеттик Думада Солженицын жаңы капиталисттик Орусияны кескин сындайт:

- Биз кандай түзүлүштө жашап жатабыз? Бул демократия эмей эле, олигархия...

(Cүрөт www.gazeta.ru интернет барагынан алынды)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG