Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

ПАКИСТАНДЫН ТҮНДҮК БАТЫШЫ ӨКМӨТТҮН КӨЗӨМӨЛҮНӨН ЧЫГЫП БАРАТ


Амирбек Усманов, Прага Пакистандын түштүк батышындагы Сват өрөөнүн миңдеген адамдар таштап кетүүдө. Аймакта армия менен талиптер жана башка козголоңчулар арасында согуш жүрүүдө. Соңку беш күндөгү салгылашууларда аскери, согушчаны, талибаны болуп бери дегенде 95 киши курман болду. Алардын ичинде карапайым жарандар да бар. АКШ Пакистандан аймактагы согушчандардын жабыттарына сокку урууну талап кылууда. Серепчилер менен саясатчылар аймактагы кырдаал начарлап, өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгып баратканын айтышат.

Афрасиб Хаттак - пакистандык пуштундардан чыккан көрүнүктүү саясатчы, өлкөнүн Түндүк Батыш Чек ара провинциясынын тынчтык элчиси. Хаттак «Азаттык» радиосуна берген интервьюда, Пакистан бийликтеринин Федералдык башкаруудагы уруулар жашаган аймактагы Сват өрөөнүнөн козголоңчуларды сүрүп чыгуу аракети таш капканын айтат.

-Биздин уруулар жашаган аймактардагы кырдаал 2001-жылдын 11-сентябрына чейинки Ооганстандагы жагдайга окшош. Бул аймактарда өкмөттүн таасири жокко эсе,-дейт өкмөттүн курамындагы Авами улуттук партиясынын мүчөсү Хаттак.

27-июлда Пакистандын Ооганстанга чектеш бул чөлкөмүндө «ал-Каиданын» жардыргыч заттар боюнча устаты Абу Хабаб ал-Мисри ракета чабуулуна кабылып өлгөнү маалымдалган. АКШ бийликтери ал-каидачылар Америка жана Европадагы террордук чабуулдарын ушул аймакта пландаштырышы ыктымал деп боолгойт.

Түндүк Батыш Чек ара провинциясынын түштүгүндөгү Гангу районунда июлдун ортосунда 400дөй талибдер полицияканага чабуул жасап, айкашта эки жактан 50ден ашуун адам окко учкан. Анын алдында провинциянын жетекчилиги өкмөткө жалбарып жатып эч кандай аскерий жардам ала алган эмес. Анын кесепетинен, эл чүнчүп жатат, дейт Каттаки:

-Аймактын калкын согушчандар барымтада кармоодо. Буга аймакты куралдуу кылмышкерлерден чындап тазалоону каалабаган өкмөт жол койду. Ошентип, бир жагынан аймактын элин согушчандар коркутса, экинчи жактан, өкмөт аймактагы элдин укугун тепсеген мыйзамды өзгөртүүнү каалабайт. АКШнын жана НАТОнун күчтөрү аймакка басып киргенден бери алардын бар таянганы артиллериядан аткылоо жана абадан бомбалоо болуп калды.

Пуштун уруулары жашаган аймактардагы жагдай кооптуу экенин Пешавар университетинин профессору Аяз Хан да ырастайт. Илимпоздун пикиринче, Пакистан жана Ооганстан пуштундары ээлик кылган аймактардын согуш майданына айланышынын негизги себеби- эки жактын өкмөтүнүн жагдайды жөндөөгө көңүл бурбаганында:

-Араб согушчандары Кошмо Штаттарга каршы согушун пуштун жеринде жүргүзүүдө. Пакистан жана Индия дагы пуштун жеринде согушкусу келет. Сватта, Дирде жана башка согуштан жабыркаган аймактарда пуштун жаштардын бир мууну мектептер жабылып билимсиз калды.

Профессор Хандын айтышынча, пуштун урууларынын саясый укугун кеңейтүү, аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү аркылуу гана согушчандарга каршы күрөштө ийгиликке жетүү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG