Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Он алты полиция кызматкеринин өмүрү кыйылган Кытайдын Шинжаң Уйгур автономдук районундагы кечээки жардыруу дүйнө коомчулугун дагы бир жолу түйшөлттү. Талдоочулар бул окуяны Кытайдын “Уйгур жарасы” ырбап отуруп жарыла баштоосу катары баалашууда. Кытай бийликтери жардырууну Мусулман уйгурларынын этникалык тобу уюштурган “террордук чабуул” деп баалашканы менен Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын өкүлдөрү Кытай бийлиги жергиликтүү элди ошого жеткирди деп эсептешет.

Олимп оюндарын утурлай Кытайдын күч органдары коопсуздук чараларын өлкө боюнча жандандырып, Тибет жана Шинжаң Уйгур автономдуу району сыяктуу улуттук азчылыктар жайгашкан жерлер айрыкча көзөмөлгө алына баштаган. Буга чейин эл аралык уюмдар Кытайда адам укуктары боюнча абал дале жакшырбагандыгын айтып, дал ушул аймактар баса белгиленген. Ошондон улам айрым талдоочулар Кытай бийликтери менен улуттук азчылыктардын ортосундагы карама-каршылык барган сайын күчөп баратканын айтышат.

Кытайдын Коргоо министрлиги бүгүн, кечээки чабуулду уюштурган эки адам этникалык уйгурлар тобунан экендигин жана алардын жанында “ыйык согуш” деген жазуусу бар кагаз табылганын билдиришти. Ошондой эле алар колдонгон жардыруучу зат былтыр “Чыгыш Түркстан Исламдык Кыймылынан” табылган жардыруучу затка окшош чыкканы аныкталган.

Ошентсе да Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын өкүлдөрү ал чөлкөмдөгү абал абдан татаал экендигин, кытай бийликтери жергиликтүүлөрдү жөнү жок камап же жок кылып койгон учурлар болгондуктан элдин чыдамы түгөнгөнүн айтышууда. Уйгур диаспорасынын “Иттипак” гезитинин башкы редактору Акбар Дильмураттын пикиринде, Олимп оюндарынын алдында коопсуздук деген шылтоо менен эки-үч айдан бери Шинжаңдын бардык жерлеринде массалык камоолор болуп жатат:

- Жакында эле Үрүмчүдө полиция 5 баланы көчөдөн эле сотсуз атып салышкан. Шектүү деп атып салышыптыр. Сурашса “жооп берген жок” дешиптир. Андай болбойт да. Кашкарда болсо 20 баланы камап, бешөөнү өлүм жазасына, он бешин жыйырма жылга түрмөгө салып коюшту. Ушундай окуялардын көптүгүнөн эл өзү нааразы.

Серепчилердин баамында Кытайда кыйладан бери эле “уйгур проблемасы” жашап келет. Өздөрүнүн азат мамлекети жок бул элдин саны ар кыл маалыматтарга ылайык 20 миллиондун тегерегинде. Басымдуу бөлүгү Шинжаң Уйгур автономдуу районунда турушкан уйгур активисттери эгемендигин көздөшкөнү үчүн Кытай бийликтери тарабынан катуу теске салынып келгени айтылып келет. Кашкардагы кечээки жардыруу да ошол эгемендикти эңсегендер менен Кытай бийлигинин карама-каршылыгын көрсөтүп турат дешет. Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков мындай дейт:

- Уйгурлар улуу коңшубуз кытайлардын курамында да. Ошондон улам же балким кытайлардын кысымынан да кагылышуулар болуп атканы мыйзам ченемдүү. Албетте Кашкардагы кечээки окуя көптөгөн нерселердин жыйындысынан келип чыккан деген ойдомун. Бирок кандай болбосун адамдардын өлүмү, экстремисттик кадамдарга баруу туура эмес болуп калыптыр.

Ошондой эле Жолборс Жоробековдун айтымында, кандай болгон күндө дагы мындай маселелерди дипломатиялык жолдор менен жөнгө салып турган оң. Антпесе, ырбап бараткан Кытай жарасы бир күнү жарылышы толук мүмкүн. Андыктан дүйнөлүк деңгээлде, эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу да бул маселени чечүүгө ык коюшса, Кытай бийликтери кыйла алдыга кадам ташташкан болор эле:

- Дүйнөлүк деңгээлде, БУУнун деңгээлинде болобу же башкада болобу бул маселени чечиш керек. Эгер чечилбесе көпкө чейин ушундай окуялар боло берет. Кытайлар мамлекеттик бүтүндүгүбүздү сактап жатабыз деген мыйзамына такап туруп ар кандай иш-чараларды жасашы мүмкүн.

(cүрөт www.ap.org интернет булагынан алынды)
XS
SM
MD
LG