Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

16:45 Талас обулусу кыз ала качуу боюнча 1-орунда


Кыргызстанда ала качуу боюнча жаңы иликтөө соңуна чыкты. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда кыздар эң көп ала качууга Талас обулусунда туш болушары айкын болду. Респонденттер арасында жүргүзүлгөн анкеталык сурамжылоо көрсөткөндөй Таласта кыздардын 86 % эркинен тыш ала качууга мажбур болушат. Ысык-Көл - салыштырмалуу түрдө ала качуу эң аз катталган аймак катары аныкталды. Иликтөө Кыргызстандын бардык обулустарында жүргүзүлүп, ага 150 дөй респондент элеттик кыз-келиндер тартылды. Кыз ала качуу боюнча жаңы иликтөө Борбор Азиядагы Америка университетинин илимий изилдөө борборунун кызматкери, гендердик маселелер боюнча эксперт Газбүбү Бабаярованын өздүк демилгесинде жүргүзүлдү. ИИМдин маалыматы боюнча өткөн жылы кыз ала качуу фактысы менен 31 кылмыш иши катталган.(EK)

XS
SM
MD
LG