Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Рысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Өткөн жумада Жалал-Абатта гендердик тең укуктуулукту талкуулаган тегерек үстөл жыйыны болду. БУУнун өнүктүрүү программасы жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык аялдардын өнүгүү шарттары мыйзамда каралганы менен күндөлүк турмушта, мамлекеттик башкаруу жана саясий чөйрөлөрдө алардын эркектер менен бирдей укугу толук сакталбайт. Үй турмуштун оор жүгүн көтөргөн аялдар арасында жумушсуздук көп, алардын социалдык камсыз болуу абалы да төмөн экени адистер тарабынан баса белгиленди.

БУУнун Өнүктүрүү программасы Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен «Чечим кабыл алууда аялдардын орду» деген изилдөө жүргүзгөн. ПРООНдун гендер саясаты боюнча координатору Нургүл Асылбекованын баяндамасы боюнча, өлкөдө аялдардын үч гана пайызы менчик укугуна ээ. Ошондой эле үй бүлөдө байлык-мүлк эркектин наамына катталгандыктан, 14 пайыз гана аял үй чарба башчысы болуп саналат. 2007-2008-жылы эркектерге караганда жумушсуздук аялдар арасында сегиз пайызга көп, алардын арасында оору-сыркоо да басымдуу.

Ал эми саясий иш-чараларда аялдарды алдыга салып, курал катары пайдалануу өнөкөткө айланган. Мамлекеттик жогорку кызматтардан 14 пайыз, жергиликтүү Кеңештерден 19 пайыз депутаттык аялдарга орун тийген. Партиялык тизменин шарапаты менен Жогорку Кеңешке 26 аял депутат болду. Бирок аларды мамлекеттик кызматтарга тартуу тууралуу президенттин жарлыгы аткарылбай келатат. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү абал да кейиштүү:

- Соңку маалыматтар боюнча аялдардын 43 пайызы мамлекеттик кызматта. Алар төмөнкү жана орто кызматтарда иштешип, аз эмгек акы менен жарыбаган пенсияга кетишет. Статс катчылардын, губернатор, акимдердин арасында бир да аял жок. Министр болгон төрт аял бар, - деп ой бөлүштү Нургүл Асылбекова.

Жалал-Абаттагы “Лидер аялдар бирлигинин” башчысы Жанна Саралаеванын пикири боюнча үй бүлө түйшүгү менен жумуштун көбүн аткарган аялдарда эркектикиндей укук жок. Башкаруу, чечеим кабыл алууда аялдардын үнү өтө төмөн:

- Кадр саясатыбыз өтө начар. Бийликтеги адамдар туура анализ жүргүзүп, туура көз караш менен ишин алып бара башташат. Азыр тескерисинче болуп атпайбы, биздин ишканада аял киши аз экен деген эч кимдин башын оорутпайт. Кимдин акчасы бар болсо, кимдин таанышы болсо ошол киши келип ишке орношот, компетенттүүлүк жөнүндө дагы маселе көтөрүлбөйт.

Аялдарды мамлекеттик кызматтарга тартуу жарлыгында атайын көрсөтүлгөнү менен облустук аялдар Кеңеши эки жылдан бери каржыланбай келатат. Кеңештин төрайымы Айчүрөк Мамажанова талкуудагылардын көңүлүн ушул нукка бурду:

- Аялдардын маселесин облустук администрацияда губернатордун, же губернатордун орунбасарынын өтө катуу талап менен барып мындай жасайсың демейинче эч иш болбойт. Ал эмес райондук масштабда дагы терең көңүл бурган киши аз. Анан кантип биз алардын деңгээлин көтөрөбүз...? Президент өзүнүн указында Аялдар кеңеши мамлекеттен каржылансын деп көрсөткөн.

Аялдар кеңеши, гендердик маселе боюнча алектенген кызматтар Жалал-Абат шаарында да айлыксыз. Облустук бийликтин бөлүм башчысы Гүлзат Ашированын белгилешинче, Аялдар кеңештерине каражат берүү жогорку бийликтерден суралган, бирок тиешелүү жооп келе элек:

- Бул боюнча атайын өкмөттүн токтому чыгып, штат бермейинче, облустук администрация эч кандай ашыкча штат кармаганга акыбыз жок. Өкмөттүн структурасынан штат бөлүнүп берилсе, бир адамды биз кызматка алат элек, - деп айтты Гулзат Аширова.
XS
SM
MD
LG