Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Бүгүн Орусиянын алп жазуучусу, Нобель сыйлыгынын ээси Александр Солженицындын сөөгүн жерге берүү тажиясы өткөрүлөт. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде белгилүү драматург, адабий жана коомдук ишмер Мар Байжиев Солжиницын өмүр-чыгармачылыгы, адабияттагы орду тууралуу кеп курган.

“Азаттык”: - Акыркы үч күндө маркум тууралуу өтө бийик пикирлер айтылып жатканын өзүңүз деле угуп жатасыз. Бул окуяны классиктин өмүрү эле эмес, анын доорунун бүтүшү деп да айтып жатышат. Солжиницындын күч кудурети эмнеде болгон?

М. Байжиев: Менин оюмча Солженицын кийин бизди бир аз иренжитти, Бексултан Жакиев да айтып атпайбы, биз буга абдан капа болдук. Мен ал кишини жазуучу катары мен өтө жогору сыйлайм, баалайм. Анткени кандай гана Совет өкмөтүнөн запкы көрбөсүн, согушка барып, түрмөдө жүрүп, менин атам жаткан түрмөдө ал дагы болгон экен Карагандада. Ошого карабастан жазуучулук, гуманисттик жагына келгенде талантын, адамкерчилигин жоготкон жок. Мен бул жактарын өтө бийик сыйлайм. Анткени Иван Денисович («Иван Денисовичтин турмушундагы бир күн» повестинин каарманы) да айтып атпайбы, анын чоң касиети, кандай гана шарт, кандай окуя болбосун адамкерчиликтен кетпей адам болгун деген мотив жатат. Өтө татаал шартта, түрмөнүн, Совет өкмөтүнүн запкысына карабастан сен адам болгун деген чакырык жатат. Анткени адамдын башына ар кандай иш түшүшү мүмкүн деген идеясы бар. Ошон үчүн мага абдан жаккан. Жазган чыгармалары боюнча бул өтө чоң жазуучу деп ойлойм, айрыкча түрмөдөгү окуяларды жазганы. Бул жазуучунун жакшы жагы чындыкты жазган, жаман жагы кээде ошону менен ойноп кетет.

“Азаттык”: - Солжиницынды саясий көз караштары үчүн көп сындап жүрүшөт. Ал жагы көп айтылып атат. Адабий мурастары тууралуу айтып берсеңиз?

М. Байжиев: Адабий мурсатарын мен өтө жогору баалайм. Анткени чындыкты жазып, эл-журт кийинки келаткан бала-чака билиш керек, кандай турмушта жашап, биздин өкмөт, турмушубуз кандай шарттарда түзүлдү, буга кандай жолдо турган сыноолор, турмуштун запкысы болду. Ошон үчүн өтө бийик сыйлайм. Бирок жазуучу деген ар кандай болот, жазганы бир, анан сүйлөгөнү башка, саясатка кошулам деп “акылман” болуп кеткен жагы бар. Акылман болсо анда бир жөн. Бирок адабият жагына келгенде, менин оюмча чындыгында талантуу жазуучу, күчтүү, элге да таасирлүү болгон. Мен оюмча Солженицындын доору бүткөн жок. Анткени анын чыгармалары кала берет. Турмуш деген чоң калбыр да, адегенде чоң калбырлап, анан майдалап элек менен эленип туруп анан ошондо керектүүсү калат.

“Азаттык”: - Мар агай, маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG