Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

07:40 Президент Курманбек Бакиев Кытайга жумушчу сапар менен барат


7-9-августа Өлкө башчысы Курманбек Бакиев башында турган, Кыргызстандын расмий делегациясы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаонун чакыруусу боюнча Бээжин шаарына жумушчу визит менен барышып, ал жерде XIX жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышат. Расмий делегациянын катарында: КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов, республикалык балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор жана жеңил атлетика боюнча мектебинин директору, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, ошондой эле Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Кадырбек Сарбаевдер бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.(AJ)

XS
SM
MD
LG