Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

12:18 Коммунисттер партиясы “Манас” аскерий базасын чыгарууну дагы бир ирээт талап кылды


Аталган партия кечээ өлкө башчысы К.Бакиев, спикер А.Тагаев жана өкмөт башчы И.Чудиновго кайрылуу катын жолдоду. Анда коммунисттер партиясы парламент менен өкмөт сентябрда америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу маселесин кароо зарыл экендигин билдирди. Америкалык аскерлер ижарага алып жашаган үйдөн көп өлчөмдөгү курал– жарактартын табылышына нааразылыгын билдирген коммунисттер “Кыргызстан саясий жана аскерий оюндар үчүн плацдарм болбошу керек” – деген айкырык салууда. Өкмөт окуяга байланыштуу 5- августта түшүндүрмө берип, АКШ аскерлери Кыргызстанга атайы чакыруу менен келгенин билдирген. Арийне, кыргызстандык бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү жана кыргыз бийлиги Ооганстанда террорчуларга каршы эл аралык күрөш улантылып жаткан чакта “Манастагы” америкалык аскер базасы өзгөчө зарыл экенин белгилеп келишет.(EK)

XS
SM
MD
LG