Ага ылайык шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүнү каалаган маалымат каражаттары анын акысы, талапкерлерге бериле турган мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматты шайлоо өткөрүү тууралуу мамлекет башчынын жарлыгы жарык көргөндөн 5 күндөн кечиктирбей берүүгө тийиш. Бул Шайлоо кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүгү боюнча шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүчү маалымат каражаттары ат салышуучу талапкерлер менен саясий партиялардын бардыгы үчүн бирдей шарт түзүп берүүгө тийиш. Жергиликтүү кеңештерге шайлоону үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Курманбек Бакиев 4-август күнү кол койгон.(ZKo)
11:30 Бишкек шаар кеңеши жергиликтүү шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүчү маалымат каражаттарына эскертүүcүн жарыялады