Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Расмий Тегеран жаңы чектөөлөргө туруштук берүүгө даяр экендигин билдирди


Иран өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу киргизилип жаткан жаңы чектөөлөргө туруштук берүүгө даяр экендигин өкмөттүн өкүлүнө шилтеме жасап, өлкөнүн расмий ИРНА маалымат агенттиги кабарлады. 8-августта Евробиримдик Иранга соода тармагында чектөөлөрдү киргизип, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр расмий Тегеран уранды байытуу иштерин токтотпосо, чектөөлөрдүн төртүнчү айлампасы башталаарын эскертишти. Иран өкмөтүнүн өкүлү Голам Хоссейн Элхам, расмий Тегеран өзөктүк программасынан баш тартпай тургандыгын жана өлкө “бардык оор кырдаалдарды жеңип чыгаарын” айтты.

XS
SM
MD
LG