Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Шота Утиашвили: Грузия өз аскерин Түштүк Осетиядан чыгара баштады


Орусиялык аскер күчтөрү айыгышкан кагылышуудан кийин Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалини өз көзөмөлүнө алды, грузин жоокерлери болсо Түштүк Осетиянын башка жерлеринен да чыгып кетүүдө. Бул тууралуу Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Шота Утиашвили билдирди. Орус тарап болсо грузин аскер күчтөрү Түштүк Осетиядан кете элек деп маалымдоодо. Шота Утиашвилинин айтымында, расмий Москва Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Абхазияда “жаңы агрессияны” даярдоодо. Грузин өкмөтү тараткан билдирүүдө төрт миң орусиялык жоокерлер Абхазияга келгени айтылат. Расмий Вашингтон грузин-осетин чатагында Орусиянын аракеттерин “өтө кооптуу” деп өкүнүчүн билдирди. Эскерте кетсек, 8-августта Грузиянын күчтөрү өлкөнүн жикчил аймагы Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиге аскер киргизген.

XS
SM
MD
LG