Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

13:15 Мамлекет башчы күйүүчү майга чайкоочулукту токтотууну көзөмөлгө алууну өкмөткө тапшырды


Мындай көрсөтмөнү президент Курманбек Бакиев чийки мунайдын дүйнөлүк базардагы баасы ылдыйлаганына байланыштуу президенттик администрацияга жана кыргыз өкмөтүнө берип, дүйнөлүк бааларды байкап турууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жыл башынан бери чийки мунайдын баасы дүйнөлүк базарда тездик менен өсүп келген. Бирок акыркы убактарда баалар кайрадан ылдыйлап, дүйнөлүк биржаларда чийки мунайдын бир баррели 113 долларга түштү. 2-август күнү баа 125 доллар болчу.
Ушул тапта дизелдик күйүүчү майдын Кыргызстандагы орточо баасы 38 сом, ал эми бензин 30 сомдон жогору.(ZKo)

XS
SM
MD
LG