Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:48

Ч. ОРОЗОБЕКОВА: “ДЕ-ФАКТО” ЖАБЫЛСА, “МЕ-ФАКТО” БОЛУП ЧЫГАБЫЗ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Kечээ (12-август) Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин доо арызы менен “Де-факто” гезитине салынган 1 миллион сомдук айып пулду 10 күндүн ичинде төлөп берүүнү эскертип, акча которулсун деп доогердин “Өнөр-жай курулуш” банкындагы эсебин берген. “Азаттыктын” кечки берүүсүндө “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова кыска маек куруп берди.

“Азаттык”: Бир миллион сомду төлөгөнгө Биринчи май райондук соту он күндүк мөөнөт берген экен. Ал мөөнөттү аткара аласыңарбы? Мунун аягы кандай болот деген ойдо турасыңар?

Ч. Орозобекова: Бизге сот тарабынан өз эркиңер менен” Промстрой” банкынын эсебине 1 миллион сомду которуп койгула деп он күндүк мөөнөт берилди. “Он күн ичинде эгер өз эркиңер менен аткара албасаңар, анда күчкө салуу жолу менен аткарасыңар” деген кагаз да берилди. Менимче, кеп 1 миллиондо эмес го. Себеби, биз 1 миллионду төлөгөн күндө дагы бийлик бул гезитти акыры бир жарга такоо аракетин көрүүдө деп түшүнүп жатам.

Эгерде президенттин туугандары президенттин, мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрбөйлү, сөз эркиндигине кысым жасабайлы деген ойлору болгондо, бул бир миллион болмок эмес. Балким 10 миң сом болмок, балким 20 миң болмок. Биз төлөй алгыдай сумма болмок. Бирок бул жерде кеп башкада болуп жатат. Кеп - эркин гезиттин оозун басыш керек болуп жатат го деп ойлойм. Биз бир миллионду окурмандардан чогултууга деле мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Себеби мына азыркы күнгө чейин каттар келип жатат. “Жалгыз саан уюмду сатсам дагы силерге акча жөнөтүп, гезитти сактап калалы” - деген окурмандардын каттары көп бизде. Бирок биз муну элдин моюнуна салгыбыз келбейт. Азыр бул акчаны чогултуу акциясын баштабайбыз. Себеби, кеп бир миллиондо эмес.

Бир миллионду төлөткөндөн кийин деле, бийлик бизге башка миллион аркылуу гезитти жапканга аракет кылат го деп ойлоп жатам. Бул гезит бийликтин чекесине чыккан чыйкандай болуп калды. Ошол чыйканды жоготуш керек болуп жатат го деп ойлойм. Эң башкысы Кыргызстанда канчалык аракет кылышпасын, сөз эркиндиги баары бир жашай берет. Бул гезитти жапса, башка гезитти ачабыз. Кыргызда айтат го “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп. Эч кайсы бийлик тилди кесип, сөз эркиндигин токтото алган эмес. Кыргызстан эч качан Өзбекстан болбойт. “Де-факто” жабылса, “Ме-факто” болуп чыгабызбы, же башка болуп чыгабызбы, акыры башка гезит чыгарганга аракет кылабыз.

“Азаттык”: Кыргыз коомчулугунда эркин гезиттерди жабууда “экономикалык куралдар” пайдаланылчу. Азыр күрөштүн жаңы түрү пайда болду деген ойлор айтылып жатат. Буга кошула аласызбы?

Ч. Орозобекова: Курманбек Бакиев бийликке келгени маалымат каражаттарынын баардык түрүн бир колго өткөрүүнүн тымызын акциясы эбак эле башталган. Сот аркылуу кысмакка алуу, күчкө салып тартып алуу, же болбосо күчкө салып сатып алуу. Ар кандай жолдор иштеп жатат. Бизге болсо сот аркылуу рычаг табылды го деп ойлойм. Бирок биз муну менен токтоп калбайбыз. Дагы деле күрөшөбүз. Бирок таптакыр эле мыйзамсыздык өкүм сүрүп калган өлкөдө өзүңдүн укугуң үчүн күрөшүү өтө эле оор болуп калат экен. Азыр Кыргызстан күндөн-күнгө өтө оор ахыбалга кетип бара жатат. Каякка карабагын, сотторуң өзүнчө эле жасоолдор болуп калды. Милиция болобу, прокуратура болобу баары тең бийликтин заказы менен иштеп калды. Анан мындай өлкөдө акыйкаттык табыш кыйын да.

Мени азыр моралдык жактан колдоп жаткан эл аралык уюмдар, элчиликтер болуп жатат. Биздин жергиликтүү укук коргоочуларга рахмат. Ошондой эле Медиа өкүлчүлүк институтуна рахмат, алар юридикалык жактан кеп-кеңеш беришип, моралдык жактан колдоп, чоң жардам көрсөтүп жатышат. Кыргызстандын ичинде канчалык мыйзамсыздык өкүм сүргөн сайын, эл аралык коомчулук арасында аброю кетип жаткандыгын айтаар элем. Бийлик ушуну да эске алыш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG