Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЭКИНЧИ МЕДАЛДУУ БОЛДУ


Баяндаган Кабыл Макеш, Бээжин Бүгүн (13-август) Бээжин олимпиадасында кыргызстандык спорт күйөрмандары үчүн кубаныч менен өкүнүч аралашкан күн болду. Грек-рим күрөшү боюнча 66 кг. салмактан жогору болгон балбандар Олимпиадалык мөөрөй талашышты. Мелдештин жүрүшүндө Азиянын чемпиону (2000), грек-рим күрөшү боюнча чебер, 24 жаштагы Канат Бегалиев үч ирээт килем үстүнө чыгып, үчөөндө тең жеңишке жетишип, алтын медаль үчүн талапкердин бири болгон.

Бейжин убактысы боюнча саат 18:20да башталган финалдык таймашууда Канаттын аттандашы Дүйнө чемпионатынын (2007) күмүш байге ээси, 23 жаштагы франциялык спортчу Гуенот Стив (Guenot Steeve) болду.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн экинчи минутасында Канатты атаандашы оодарып кетип, эки упай топтоду. Экинчи бөлүктөгү беттешүүдө Канат атаандашын айландырып, анын далысын килемге тийгизген ыкмасын калыстар эсепке албай коюшту. Натыйжада оюн 2:1 эсебинде Гуенот Стивдин жеңиши менен аяктады.


(Бээжин Олимпиадасынын коло медалын жеңген Руслан Түмөнбаев менен күмүш байге ээси Канат Бегалиев )

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновго суроо узаттым:

“Азаттык”: - Сиздин оюңузча Канат кандай күрөштү, атаандашына эмне болуп алдырып койду? Канаттын килем үстүндөгү бардык аракеттери эске алындыбы?

М. Саралинов - Ал эми Канат буга чейин эң мыкты балбандарды утуп, андан кийин финалда француз балбаны менен жолукту. Бул жерде айтып кетиш керек, Канат колунан келе турган иштин баарын жасады. Тилекке каршы, француз балбаны байгени утуп кетти. Дагы бир кошумчалай турган нерсе - биринчиден, эл аралык күрөш федерациясынын алдыңкы чоңдору Франциядан болушат. Экинчиден, француз балбаны алтын медалды татыктуу жеңип алгандыгын ачык айтып коюш керек.

“Азаттык”: - Мурат мырза, дагы кайсы спортчуларыбыздан Олимпиадалык байгелерди күтсөк болот?

М. Саралинов - Бүгүнкү күндө Эл аралык деңгээлдеги көрсөткүчтөргө биздин балбандарыбыз ээ болуп келатат. Эркин күрөш боюнча дагы үч балбаныбыз Дүйнөлүк биринчиликте алдыңкы орундарды ээлеп келишкен. Анын бири Гитинов, ал Сидней олимпиадасында үч медалга ээ болгон. Базар Базаргуруев Дүйнөлүк биринчиликтин коло медалынын ээси. Алексей Крупняков, ал дагы Дүйнөлүк биринчиликте коло медаль алган. Эгерде чучукулак оңдой берди болуп, жакшы түшсө үч балбаныбыз да жакшы көрсөткүчтөрдү берет деп биз ишенебиз.



Ошентип Бээжин олимпиадасынын күмүш байгесин Канат Бегалиев тагынып, эгемендүү Кыргызстандын туусу экинчи күнү катары менен Олимп оюндары өтүп жаткан жайларда обого көтөрүлдү.
XS
SM
MD
LG