Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

ГРУЗИЯДАГЫ КЫРДААЛ АКШ МЕНЕН ОРУСИЯНЫ КАЙЫМ АЙТЫШТЫРДЫ


Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс (Condoleezza Rice) Грузияга Вашингтондун колдоосун билдирүү үчүн Европага иш сапары менен келди. Бүгүн ал Франциянын президенти Никола Саркози (Nicolas Sarkozy) менен Парижде Кавказдагы соңку дүрбөлөңдүү окуялар тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. Ушул тапта Франция Европа Биримдигинин президенти милдетин аркалоодо. АКШ президенти Жорж Буштун кечээ (13-августта) жасаган билдирүүсүндө расмий Москваны Грузиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөгөн. Евробиримдикке төрагалык кылган Франциянын президенти Николя Саркози арачы түшүп, Орусия менен Грузияны аскердик өнөктүктү токтотууга макулдашкан.

Ушул тапта Кошмо Штаттар менен Орусия Грузиядагы окуяларга карата өздөрүнүн ролу туурасында бири-бирин сынга алууда. АКШ президенти Жорж Буш кечээ (13-августта) Вашингтондун грузин өкмөтүнө колдоосун билдирди. Өз кезегинде расмий Москва Вашингтон АКШнын “атайын долбоору” Грузия менен Орусиянын достугу ортосунда тандоо жасаш керек деп билдирди. Президент Буш Кремлдин бул билдирүүсүнө кечээ Ак Үйдө жооп кайтарды:

- Америка Кошмо Штаттары демократиялык жол менен тандалган Грузиянын өкмөтүн колдойт. Биз Грузиянын эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү урматталышын талап кылабыз. Орусия грузин өкмөтүн алмаштыруу нийети болбогонун айтууда. АКШ жана дүйнө коомчулугу Орусиядан өз милдеттемелерин аткарарын күтөт.

Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчы Кондолиза Райс бүгүн Францияда президент Николя Саркози менен жолугуп, кырдаалды талкууга алды. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Франциянын лидери Николя Саркози Москва менен Тбилиси ортосуна арачы түшүп, Түштүк Осетияда аскердик өнөктүктү токтотуу макулдашуусуна жетишкен. Парижден кийин мамлекеттик катчы Райс Тбилисиге жол тартып, Вашингтондун грузин элине жана анын демократиялык жол менен тандалган өкмөтүнө колдоосун билдирмекчи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Буштун Ак Үйдө жасаган кечээки билдирүүсүнө тез арада каяша сөз айтты:

- Биз албетте түшүнөбүз, бул жөнүндө ачык дагы жазып келишет, азыркы грузин өкмөтү - АКШнын атайын долбоору. Андыктан АКШны бул долбоорунун келечеги тынчсыздандырарын дагы түшүнөбүз. Бирок кайсы бир күнү Вашингтон бул “атайын долбоору” менен маселелерди чечүүдө жамааттык аракеттерди талап кылган чыныгы өнөктөштүктүн ортосунда тандоо керек болот.

Европага аттанаар алдында Кондолиза Райс министр Лавровдун бул билдирүүсүнө мындай деп жооп кайтарды:

- Грузиянын өкмөтү – Кавказда демократиялык шайлоо жолу менен келген. Грузиянын бийлигин кайсы бир тараптын долбоору деп атоо – бул Орусиянын АКШ тууралуу саясаты жөнүндөгү түшүнүгүн эмес, Орусиянын коңшуларга карата кандай мамиледе экенин көбүрөөк ашкерелейт.

Өз сөзүндө Кондолиза Райс АКШ бул жаңжалда өз тандоосун жасаганын белгиледи. Мамлекеттик катчы АКШнын Грузияга Миң жылдыктын чакырыктары программасына киргизиши – Вашингтондун өнүгүп келе жаткан өлкөгө жардамы катары баалады. “Балким Орусия кансыз согуш доорунан чегинүүгө учур жеткенин моюндагысы келбей жатат”, деди Райс:

- Бул 1968-жыл эмес. Анда Орусия Чехословакияга кирип барып, баш калаасын ээлеп, өкмөтүн кетирген эле. Азыр көп нерсе өзгөрдү.

Кечээ Орусия менен Грузия жикчил аймактар болуп эсептелген Түштүк Осетия жана Абхазияда согуштук аракеттерди токтотуу жана бул таанылбаган эки жумурияттын келечек макамын талкуулоо тууралуу макулдашты.

Бирок мындан көп өтпөй расмий Москва бул макулдашууну бузганы тууралуу кабарлар келди. Буш буга тынчсыздануусун билдирип, Орусияны өз милдеттенмелерин аткарууга үндөдү:

- Орусия аскердик өнөктүктү токтотууга жана убактылуу жарашууга макулдугун берген. Тилекке каршы, бизге бул билдирүүгө кайчы келген маалыматтар түшүүдө. Биз орусиялык жоокерлердин Гори шаарынын чыгышында жайгашканы тууралуу кабарга тынчсызданып жатабыз.

Кечээ орусиялык чүмбөттөлгөн аскердик унаалары Гориден Тбилисиге жол тартканы тууралуу тактоого кыйын маалыматтар тараган. Грузиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Екатерина Згуладзе бул маалыматты төгүндөп, “орусиялык жоокерлер Тбилисиге жол тарткан жок” деп билдирди. Маалымат агенттиктери болсо грузиянын атайын күчтөрү Гори менен Тбилиси ортосун жабышканын жазып чыгышты.

Кремль өзүнүн Түштүк Осетиядагы аракеттерин өз атуулдарынын коопсуздугун сактоо нийети менен түшүндүрүүдө. Расмий Москва Грузияны Түштүк Осетияда геноцид жасады деп айыптап, грузиялык жоокерлердин иштерин аскердик кылмыш деп баалады.

Ак Үйдө жасаган билдирүүсүндө АКШ президенти Жорж Буш карапайым тургундарды кол салуудан коргоо Орусиянын дагы милдети болгонун эске салып, Грузияга кайрымдуулук жардам жибериле баштаганын кошумчалады:

- Биз Орусия өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып, гуманитардык жардамдын бардык түрүн өткөрөт деп күтөбүз. Биз Орусия байланыш жана жол тармактарын, аба майданын, деңиз портторун гуманитардык жардам жана аскер эмес жүргүнчүлөр үчүн ачарын күтөбүз. Биз Орусия Грузиядагы аскердик өнөктүгүн токтотуу тууралуу милдеттемесин жүзөгө ашырат деп күтөбүз. Ошондой эле биз, Грузияга кирип барган орусиялык куралдуу күчтөрдүн бардыгы тең бул өлкөдөн чыгып кетет деп күтөбүз.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Грузиядагы 100 миңден ашуун адам өздөрүнүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Кремль бул жаңжалда орусиялык 74 жоокер набыт болуп, 171 жоокер жаракат алып, 19у дайынсыз жоголгонун кабарлоодо. Ошондой эле Орусиянын маалыматы боюнча 5 күнгө созулган кагылышуулар 2 миң түштүк осетиялыктын өмүрүн алып кеткен, дагы миңдеген адамдар үй-жайсыз калган. Грузия болсо 12-августта тараткан билдирүүдө 200 жоокери набыт болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алганын маалымдады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG