Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Аба ырайы: кыска мөөнөттө жамгыр жаайт


Бишкектеги гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 16-августта Кыргызстандын кээ бир аймактарында күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен желаргы жүрөт

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +16…+21, күндүз +26…+31 градус.
Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +26…+31 градус.
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +29…+34 градус.
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26 градус.
Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29 градус.
Бишкек шаарында сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30 градус.

XS
SM
MD
LG