Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

ТҮРКМӨНСТАН: ЖАШАСЫН ЧӨЛДӨГҮ ХОККЕЙ!


Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов башкаларды таң калтырган ири долбоорлору менен тарыхта калды. 2006-жылы Ниязов дүйнө салганда анын ордуна Гурбангулы Бердимухаммедов бийликке келген. Эми байкоочулардын баамында Бердимухаммедов мурдагы Түркмөнбашынын айрым жоруктарын кайталап жатат. Жаңы президент Ашгабадда Каракум чөлүндө хоккей ойноо үчүн спорт комплекс курууну пландаштырууда.

Адатта кишилер хоккей оюну дегенде, НХЛ, же Чехия, Орусия, Канада жана АКШнын ири курама командаларын элестет. Эми жай айларында абанын температурасы 50 градуска жеткен Түркмөнстанда жаңы хоккей командасы оюнга даярданууда. Даяр болгула, бул улуттук хоккей команда – Түркмөн курама тобу деп аталмакчы!

Бээжинге Олимпиадалык оюндардын ачылыш салтанатына барган түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Кытайдан ушунчалык таасирленип кайткан экен, келери менен Түркмөнстан өзүнүн Олимпиадалык комплексин курарын, анын ичинде 10 миң адам бата турган хоккей оюну үчүн арена болоорун билдирди. Бул спорт комплекстин ичинде хоккейге машыктыра турган мектеп дагы болуп, анда хоккей командасы эл аралык оюндарга даярдалат деди президент Гурбангулы Бердимухаммедов.

Бирок Бердимухаммедовдун бул укмуштуудай планы 1991-жылы эгемендүүлүк алган түркмөн эли үчүн жаңылык деле эмес. Мурдагы президент Сапармурад Ниязов дагы ушул өңдүү уникалдуу идеялардын башатында турган. Мисалы, Ниязов Каракум чөлүнүн ортосунда фонтаны менен жасалма көл, Ашгабадда 10 миң адам бата турган мечит жана пингвиндер жашаган зоопарк куруу менен аты чыккан.

Орточо айлык маяна 60-80 долларды гана өп-чап түзгөн Түркмөнстанда Ниязовдун бул долбоорлору жүз миллион долларга бааланган. Президенттикке жаңы шайланган учурда Гурбангулы Бердимухаммедов бардык көңүлдү өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына бурарын айтып убада кылганы да маалым.

Мына эми жаңы курула турган Олимпиадалык комплекс 100 миллион доллар болору айтылууда. Бозгунда жүргөн түркмөн оппозиция өкүлү Вячеслав Мамедов мындай келечеги жок долбоор үчүн бул өтө көп каражат деп эсептейт:

- Алар шаар тургундары жыш жайгашкан райондордо балдар үчүн өтө кымбат эмес, чакан аятчаларды курушу керек эле. Ал аянтчаларга каалагандар бекер келип, футбол ойной алмак болчу. 100 миллион долларга бааланган спорт комплексин куруу анча зарыл эмес. Силер балдар жана кыздардын Кызыл-Арбаттан Ашгабатка келип, бул комплексти колдонуп жатканын элестете аласыңарбы? Бул – акылсыздык!

Бердимухаммедов бул комплексти түркиялык “Полимекс” компаниясы курарын айтты. Эгерде спорт комплексинин курулушу аяктап калса, Түркмөнстан кийинки Олимпиадалык оюндарды өткөрүү арызы менен тийешелүү тараптарга кайрылышы толук ыктымал. Буга чейин Казакстан 2014-жылы Кышкы Олимпиадалык оюндарды өз өлкөсүндө өткөрүү нийетин билдиргенин, Өзбекстан 2000-жылы Жайкы Олимпиадалык оюндарын өз өлкөсүндө өткөрүү сунушу менен кайрылганын кошумча эскерте кетели.
XS
SM
MD
LG