Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

12:00 “Де-факто” гезит редакциясынын мүлкү камакка алынды


Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди. Мындай маалыматты “Де-факто” гезит редакциясы жайгашкан “Илбирс” акционердик коомунун юристи Манас Бексултанов да тастыктап, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун сот аткаруучулары мүлктү камакка алуу тууралуу чечимди бейшемби күнү алып келип беришкендигин жана мүлк “Илбирс” ишканасынын карамагына алынгандыгын билдирди. Мыйзамга ылайык соттун чечимин жоопкер өз ыктыяры менен аткарууга 10 күн берилет. Бул мөөнөт өткөндөн кийин жоопкердин мүлкүн сатуу жолу менен доогердин талабы аткарылат. Соттун чечими менен бир миллион сомдук айыппулга жыгылган “Де-факто” гезитинин камакка алынган мүлкү канчага бааланганы азырынча белгисиз.(BD)

XS
SM
MD
LG