Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

14:03 Вице-спикер Кубанычбек Исабековду коргоо комитети түзүлүшү мүмкүн


Мындай билдирүүнү Бишкекте бүгүн Жети-Өгүздүк шайлоочулардын өкүлдөрү жасашты. Алардын айтымында, Жогорку Кеңештин вице-спикери, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Кубанычбек Исабековго мамлекеттик органдар жана “Кумтөр” ишканасынын жетекчилиги тарабынан психологиялык кысымдар жасалууда. Шайлоочулардын атынан маалымат каражаттары аркылуу аталган тараптарга жолдогон кайрылуусунда шайлоочулар депутаттын көмөгү аркылуу “Кумтөрдө” иштеген жергиликтүү калктын маянасы көтөрүлдү, 45 миллион сом жер салыгы төлөндү, жергиликтүү калктын арыз-даттарына тынымсыз маани берилип келатат деп айтылат.
Ал эми президент, “Ак жол” партиясынын башчысы Курманбек Бакиев июлдагы өкмөт жыйынында Исабековдун аракеттерин өзүн көрсөткүсү келген аракет катары сындап, “Кумтөр” ишканасы боюнча Кыргызстанга пайдалуу келишим түзүү жеке эле Исабековдун эмес, Кыргыз өкмөтүнүн принципиалдуу позициясы деп билдирген. Депутат Исабеков учурда 2003-жылы Танаев башында турган өкмөт учурунда түзүлгөн Кумтөр алтын кени боюнча келишимди өзгөртүүнү талап кылып, Кыргыз өкмөтү менен соттошуп жатат. Депутаттын арыздарынын негизинде буга чейин "Кумтөр" боюнча дагы бир нече соттук териштирүүлөр болгон.(BuS)

XS
SM
MD
LG