Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

ПАКИСТАН: ПРЕЗИДЕНТ МУШАРРАФ КЫЗМАТТАН ЧЕГИНДИ


Пакистандын президенти Первез Мушарраф өлкөдөгү коалициялык өкмөттүн өзүнө импичмент жарыялоо коркунучу реалдуу болуп калган чакта, өз ыктыяры менен кызматтан чегингенин жарыялады. Өзөктүү куралы бар бул өлкөдөгү бийликке Мушарраф 1999-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу .келген жана андан бери эки ирет Башмыйзамдын күчүн убактылуу токтоткон.

Пакистандын президенти, 65 жаштагы генерал Первез Мушарраф (Pervez Musharraf) бүгүнкү (18-августтагы) бир саатка созулган сыналгы аркылуу элге кайрылуусунда парламенттеги саясий каршылаштарынын өзүнө карата айткан доолорунун бардыгын төгүнгө чыгарды.

Бирок, анын айтымында, эгерде узак мөөнөткө созулчу импичмент жараяны башталчу болсо, анда мындай саясий кризис биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарга кайчы келээр эле.

Саясий жаңжалдан ким утуп чыгаарына карабастан, акыр аягында Пакистан утулушта калышы ажеп эмес, деди президент Мушарраф.

- Жалпы кырдаалды таразалап караган соң, ошондой эле өзүмдүн укук жаатындагы кеңешчилерим жана жакын саясий колдоочуларым менен акылдашкан соң, мен бүгүн кызматтан кетээримди жарыялайм. Менин кызматтан кетүү тууралуу арызым бүгүн Улуттук Жыйындын төрагасына жеткирилет.

Президент Первез Мушарраф мурда Пакистан армиясынын башчысы болгон.

1999-жылы 12-октябрда ал демократиялык жол менен шайланган ошол кездеги өкмөт башчысы Наваз Шарифти аскердик төңкөрүш аркылуу бийликтен кетирип, улуттук жана жергиликтүү жыйындарды таркаткан.

Ал өзүн-өзү Аткаруу бийлигинин башчысы жарыялаган. 2001-жылы болсо өзүн-өзү президент жарыялаган.

2007-жылы октябрда талаш-тартыш туудурган президенттик шайлоодо бул кызматка кайра шайланган.

Пакистандын Жогорку Сотунун бир катар мүчөлөрү Мушаррафтын президенттикке кайра шайланышынын мыйзамдуулугу жаатында сот ишин карамакчы болуп жаткан кезде, 2007-жылдын 3-ноябрында Мушарраф Куралдуу күчтөрдүн башчысы катары өлкөнүн Баш мыйзамын убактылуу токтотуп, бир катар сот мүчөлөрүн, анын ичинде Жогорку Соттун төрагасы Ифтихар Мухаммад Чаудрини (Iftikhar Muhammad Chaudhry) камакка алган, өзүнүн саясий атаандаштарын да камоого, көз каранды эмес сыналгы каналдарын жабууга буйрук берген.

Дал ошол күнү өлкөдө чукул кырдаал жарыяланып, ал 15-декабрга чейин созулган.

Үстүбүздөгү жылы февралда парламенттик шайлоодо Первез Мушаррафтын партиясы жеңилүүгө дуушарланып, анын саясий атандаштары өз ара ынтымак түзүп, коалициялык өкмөт курашкан.

Бир кезде Мушарраф кызматтан четтеткен Наваз Шариф азыркы тапта коалициялык өкмөттүн бараандуу мүчөлөрүнөн.

Он бир күн мурда коалициялык өкмөткө кирген саясий партиялар президентке импичмент жарыяло үчүн резолюция долбоорунун үстүнөн иш баштаган. Алар Мушаррафты Баш мыйзамды бир нече ирет бузган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпташууда.

Пакистандын бийликтеги коалициясынын жетекчиси Асиф Али Зардари (Asif Ali Zardari) 7-августта Исламабадда маалымат жыйынын өткөрүп, импичментке багытталган бул кадам тууралуу журналисттерге мындай деп айткан:

- Өкмөттүк коалициянын жетекчилигинин ишениминде, Баш мыйзамдын 47-беренесине ылайык генерал Мушаррафка каршы импичмент жарыялоону сөзсүз баштоо зарылдыгы туулду.

Эми, Мушаррафтын арызы толук тастыкталган соң, парламенттин жогорку үйү – Сенаттын төрагасы Мухаммад Миан Сомо (Muhammad Mian Somo) Баш мыйзамга ылайык убактылуу президенттик милдетти аркалоого тийиш.

Сауд Арабстан, Кошмо Штаттар жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттер Мушарраф менен коалициялык өкмөттүн тирешүүсүн соңуна чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөргө катышып жатышты.

Кошмо Штаттар өзүн бекем колдоп келген генерал Мушаррафтын тагдыры – пакистандыктардын өздөрүнүн гана колунда экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG