“Ата мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, партия 25-августта конференция өткөрүп, жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди сунуштаганы жатат. Өз талапкерлерин сунуштоо үчүн жер-жерлерде камылгалар көрүлүп жаткандыгын Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев да билдирди. Аталган лидерлердин билдиргендерине караганда, жеңишке жетүү үчүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүндө кызматташууну караштырууда. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 5-октябрда өтөт.(BuS)