Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

13:49 Парламент чогуу жана дефис аркылуу жазылган географиялык аталыштарды аныктады


“Кыргыз тил орфографиясынын жаңы редакциясы” тууралуу токтом Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылы 26-июнда кабыл алынган болчу. Парламенттин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн бул токтом расмий маалымат каражаттарында жарыяланды. 44-берененин экинчи бөлүмүнө ылайык географиялык аталыштар эки маанидеги сөздөн туурса, анда алар дефис аркылуу жазылат. Мисалы: Ала-Тоо, Ысык-Көл, Соң-Көл, Ак-Сай, Чоң-Сары-Ой, Кырк-Казык, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Кичи-Кум-Бел, Шамалды-Сай, Ысык-Ата, Тору-Айгыр, Төө-Ашуу, Кара-Балта жана башкалар. Ал эми 44-берененин үчүнчү бөлүмүнө ылайык: Кеңкол, Каракол, Чаткал, Торугарт, Алайкуу, Көкөмерен, Каракужур жана башкалар чогуу жазылат. (ES)

XS
SM
MD
LG