Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

15:10 Кыргыз өкмөтү: Кыргызстанда четтен көчүп келген 25 миң кыргыз жашайт, 264 качкын бар


Кыргыз өкмөтү бүгүн тараткан маалыматында алардын муктаждыктарын чечүү жаатында иш жүрүп жатканын белгилеген. Ошондой эле маалыматта кыргызстандыктарды чет өлкөдө ишке жайгаштыруу жаатында 13 уюм иштеп жатат, алардын жардамы менен 300 кыргызстандык ишке жайгаштырылгандыгы айтылат. Алардын ичинде эки тараптуу макулдашууларга ылайык учурда 200 кыргызстандык Түштүк Кореяда иштеп жатышат. Ал эми Москва жана Кыргыз өкмөттөрү ортосунда Москва чарбаларында кыргызстандык 1 миң жумушчуну орноштуруу боюнча эки тараптуу протоколдун долбоору даярдалып жатат.
Ал эми бейрасмий булактарда чет өлкөлөрдө иштеген кыргыздардын саны 1 миллиондон ашык деп айтылып келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG