Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Коммунисттик империянын акыркы айбаты 1991-жылдын 19-августундагы ГКЧП (Өзгөчө абалдагы мамлекеттик комитет) болуп калды окшойт. Бирдиктүү союздун алеки саатта урап, анын курамындагы республикалардын кыйгас эгемендикке өтүшү мына ушул кутумчулуктан кийин күч алып, СССР сындуу эңгезер империя урап түшкөн. “Чоң үйдөгү каткырса - кичи үйдөгү ырсаят” болуп ГКЧПнын жаңырыгы Кыргызстанга да жетип, а кездеги темир канат демократтардын башын бириктирген каршылык күчүн жараткан.

Чакан жана орто ГЭСтер мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Феликс Кулов 1991-жылдын августунда Кыргызстандын Ички иштер министри болчу. Анын айтуусунда, 19-августта эртең менен күч кызмат жетекчилери менен парламент төрагасын президент А.Акаев чогултуп, баарынын пикирлерин уккан.

- Медеткан Шеримкулов каршы да болбой, колдоп да ийбей, “жагдайды байкап көрөлү”, деп айтты. Ж. Асанкулов ГКЧПны эл, жумушчулар, аскер адамдары, аскер бөлүктөрү КГБ кызматкерлери колдоорун билдирди.Ж. Асанкулов эч нерсе кылбай “тынч турушубуз, ГКЧПны колдошубуз” керек, деди. Мен колумду көтөрүп, биздe башка маалыматтар бар, эл ГКЧПны колдобойт, Ички иштер министрлиги колдобойт, ал президенттин буйруктарын аткарат. Биз эгемен өлкөбүз, президент эмне айтса ошону аткарабыз деп айттым.

Күч кызмат жетекчилеринин ортосундагы келишпөөчүлүктү көргөн президент А.Акаев коопсуздук кызмат жетекчиси Жумабек Асанкуловду кызматтан алып, анын ордуна вице-президент Герман Кузнецовду КГБ төрагасына дайындаган. Айтса, Кыргызстанда Өзгөчө абалдагы мамлекеттик комитет -ГКЧП чечимин коммунисттер партиясы гана апачык колдоп чыгышкан. Кутумчулукту кубаттап чыккан коммунисттерге алгач кылмыш иши козголуп, бирок кийин алардын аракети сөздөн ары өтпөгөнү ырасталып, иш жабылып калган.

- “Биз ГКЧПга каршы турган республикалардын бирибиз. Биз эгемендигибизди коргой алдык. А кезде кыйын болгону менен коомдук маанай көтөрүңкү болчу, эгемен республика болгонубуздун өзү ошондой сезимди жараткан. Албетте, коомдогу көтөрүңкү маанай бизге да жетип, жасагандарыбыздын баары көпчүлүктөн колдоо тапканы ошондон”- дейт Феликс Кулов.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын тең төрагаларынын бири Жыпар Жекшеев 19-августта Өзгөчө абалдагы мамлекеттик комитет СССР бийлигин өз колуна алганын укандан кийин атайын штаб түзүшкөнүн эскерет.

- 20 миңдей адам өз ыктыяры менен куралыбыз жок болсо да эгемендигибизди сактайбыз деген план түзүп, аны ишке ашыра баштадык. Биз көчөгө чыгып, жаңжал чыгарып, опурталдуу иштерге барган жокпуз. Союздук аскер бөлүктөрүнө өзүбүздүн жигиттерди жиберип, алардын командирлери менен сүйлөшүүгө жетиштик. Анан эң баалуу нерсеси – союздук республикалардын ичинен биринчи болуп биз Улуттук телерадио аркылуу саясий билдирүүбүздү жарыя кылганга жетишип калдык.


Улуттук телерадио каналды ал кезде Сатыбалды Жээнбеков жетектеп турган. Ж. Жекшеевдин ырасташынча, ГКЧПга каршы турган күчтөр Кыргызстан эгемендиги, демократия үчүн баарына кайыл болчу.

- Эгерде танкалар кирип келип биздин Акүйдү – бийликти алабыз дегенде тирүүлөй тосмо болуп туруп беребиз дегенге бардык эле.

1991-жылдын 19-августунда СССРдеги бийликтин баарын Өзгөчө абалдагы мамлекеттик комитет (ГКЧП) өзүнө алышын биринчилерден болуп айыптап чыккан Кыргызстандагы батыл саясий күч - Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) болгон. Ага улай эс алууда жүргөн Жогорку Кеңеш төрагасы Медеткан Шеримкуловдун билдирүүсү чыккандан кийин президент А. Акаев ГКЧПны кескин айыптаган билдирүүсүн жарыя кылган.

Ф. Кулов эгемендиктин алгачкы беш жылы Кыргызстанда өз алдынчалуулук сезимди аптыктырган көтөрүңкү маанайы менен коштолду деп эсептейт. Кийинки жылдары өлкө баштапкы дем-дымагын жоготуп, тоодой проблемалардын төө бастысынан чыга албай келатат.
XS
SM
MD
LG