Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

14:30 ШКУ боюнча улуттук координаторлор 23-25-августа Дүйшөмбү шаарында жыйын өткөрөт


Бул тууралуу Шанхай Кызматташуу Уюму боюнча Кыргызстандын координатору Төлөндү Макеев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, улуттук координаторлор саммитте кабыл алына турган Дүйшөмбү декларациясы жана коммюникенин үстүнөн иш жүргүзөт. Саммитте жаңы мүчөлөр кабыл алынбайт. Анткени ШКУда жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун механизмдери, жол-жоболору түзүлө элек. Азыркы кезде адистер андай жол-жоболорду түзүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө. Маалым болгондой Иран Ислам Республикасы ШКУга кирүү үчүн расмий арыз менен кайрылган. Тажикстан саммитинде Түштүк Осетиядагы кырдаал расмий түрдө каралбайт. Мүмкүн президенттер ал боюнча пикир алмашуусу ыктымал, деп кошумчалады Төлөндү Макеев. (AiT)

XS
SM
MD
LG