Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Н.САРКОЗИ: ФРАНЦУЗ АСКЕРЛЕРИ ООР ЖОГОТУУСУНА КАРАБАЙ ООГАНСТАНДА КАЛА БЕРЕТ


Амирбек Усманов, Прага Франциянын президенти Николас Саркози шаршемби күнү Кабулда болуп кайтты. Ал Кабулга Ооганстандагы француз аскерлерине моралдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн барды. 18- август күнү кечке жуук Кабулдан 60 чакырымдай чыгышта франциялык аскерий черүү эрегишчилердин буктурмсына кабалып, айгышкан салгылашта 10 жоокерин жоготуп, 21 аскери жарадар болгон. «Оор жоготууга карабастан, француз аскерлер Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөрдүн курамында кала берет», - деди президент Саркози Кабулда.

Президент Саркози Кабулдын четиндеги эл аралык күчтөрдүн аскерий базасында кездешүүдө 10 жоокердин өлүмү- Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөрдүн катарындагы француз аскерлеринин миссиясын улантуусуна жолтоо боло албайт деди.

Кабул-Жалалабад жолундагы ашууда 18- августа болгон айкаш көп улуттуу күчтөр 2001- жылдын аягында Ооганстанга киргенден берки оор кагылышуулардын бири болду. Урушта окко учкан он жоокер менен Ооган жеринде курман болгон франциялык аскерлердин саны 24кө жетти. Азыр Ооганстанда 2600гө жакын француз аскери бар.

Саркози Ооганстанда кызмат өтөп жүргөн франциялык аскерлерге «манилүү вазийпаны» аткарып жатканын эске салуу менен, президент Карзайдын өкмөтүнө жардамдашып, алар ислам экстремисттерине каршы согушуп жатышканын белгиледи.

Ооган козголоңчуларынын буктурмасынан тирүү чыккан жоокерлерге кайрылып, “шейит өлгөн жолдошторуна урмат көрсөтүүнүн мыкты жолу - башты бийик көтөрүп, күжүрмөн вазийпаны аткаруу», - деди президент Саркози.

Николас Саркозини күтүп алуу аземинде Кабулдагы Ак Сарай алдында президенттик гвардиянын жоокерлери каз-катар тизилип, кызыл килем төшөлдү. Президент Карзай сыйлуу конокту «Куш келипсиз, Президент мырза. Ооганстандын чоң досу…Бекем прициптерди кармаган адам», - деп тозуп алды.

Ак Сарайдагы сүйлөшүүдөн кийин Саркози менен Карзай пресс- конференция берээри айтылганы менен ал болгон жок.

Саркозини Кабүлга Тышкы иштер министри Бернард Кушнер жана Эрве Морен коштоп келди. Эрве Морин француз жоокерлери кандайча курман болушканын Ооганстанга жөнөөрдөн мурда Парижде өткөргөн маалымат жыйынында мындай сүрөттөгөн:

- Аскерий чакан топ 100дөй козголоңчунун буктурмасына кабылган. Бир нече саатка созулган кырчылдашкан айгыш түн ортосуна чейин уланган.

Министрдин сөзүнчө, буктурмага кабылган топто парашютчулардын үч тандалма бөлүгүнүн жана деңизчи аскерлердин жоокерлери болгон.

Бул француз армиясынын соңку чейрек кылымдагы чоң жоготуусу. 1983- жылы Ливанда жанкечти жардырган бомба франциялык 58 десантчы жоокердин өмүрүн жалмаган.

(Cүрөттө: президент Саркози Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөрдүн курамындагы француз аскерлери менен жолугушуу учурунда)

XS
SM
MD
LG