Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

ШАМ ЧЫРАК ЖАГУУ МЕЗГИЛИ


Бүгүнтөн тарта Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү иш-чарасы башталмакчы. Мунун себебин энергетиктер кышка камылга көрүү керектиги, ГЭСтердин толук кандуу иштөөсү үчүн суу сактагычтарга жетиштүү деңгээлде сууларды топтоо зарыл болуп турганы менен түшүндүрүшүүдө. Ал арада коомчулук арасында, электр энергиясы менен өзүн гана толук камсыз кылбастан сатууга да мүмкүнчүлүгү бар Кыргызстанда мындай кризистин жаралгандыгына нааразы болгондор көбөйүүдө. Айрым саясатчылардын айтымында, суу сактагычтарда суулардын азайышына жол берген чиновниктер жазасын алууга тийиш эле.

Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында бүгүнтөн тарта электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү башталмакчы. “Түндүк электро” Ачык акционердик коомунун графигине ылайык Бишкек шаары боюнча электр жарыгы күн сайын алты сааттан өчүрүлөт. Мындай кырдаал суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин абдан төмөн түшүп кетиши менен түздөн-түз байланыштуу. Андыктан, кыш айлары азап чекпөө максатында өкмөт 1-августтан келээрки жылдын 1-мартына чейин электр жарыгын үнөмдөө программасын иштеп чыккан. Коомчулукта энергетика тармагындагы мындай кырдаалды жараткандар бүгүнкү күнгө чейин жазасын албай чоң кызматтарда отурушкандыгы тууралуу кеп-сөздөр күч. “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү Мирзат Ажиев бул жааттагы бийликтин убадаларына ишенбей турганын айтты:

- Энергетика маселеси абдан кыйын болуп турат. Анткени бул жаман абалдын пайда болушу, тилекке каршы биздин башкаруу чөйрөбүздөгү чечим кабыл алып аткан адамдардын профессионал эмес болушунан келип жатат деген ойдомун. Ошол адамдар энергетика тармагынын түйүнүн чече албай, суу сактагычтарды туура пайдалана албай жатышат.

Кыргызстандын энергетиктер ассоциациясынын президенти Жамал Түлөбердиевдин айтымында, эми кандай кылган күндө дагы Токтогул суу сактагычындагы сууну быйыл калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Ошол себептүү быйыл кыш айлары катаал болушу толук ыктымал:

- Мындан ары суу сактагыч быйыл толбойт. Убакытты жоготтук. Абдан жаман чектөөлөр болот. Жок дегенде жылуулук станцияларын жакшылап иштетиш керек. Бирок алар да жакшы иштебей турат. Биздин сөзүбүздү бийлик өздөрү укпай койду да. Эмне үчүн 2007-жылы сууну кое берип, казактарга электрди сатыш керек эле. Эмне үчүн өзбектерге электрди үч эсе арзан сатып, газды үч эсе кымбат газ сатып алабыз деп кол коюш керек эле? Андайдын кереги жок болчу.

Ошондой эле Ж. Түлөбердиев, энергетиктердин кеп-кеңештерин бийлик укпай койгондуктан, суу сактагычтагы суулар сатылып кеткендиктен кыйын кырдаал түзүлгөнүн билдирди. Ал эми бийлик өкүлдөрү электр энергиясын үнөмдөө аркылуу энергетикалык кризиске жол беришпей тургандыгын айтып жатышат. Өнөр жай, энергетика, жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков, “былтыркы Тажикстандагыдай абал болушу мүмкүн” деген сыяктуу ой-пикирлерге кошулбайт. Өкмөт жыйынында сүйлөгөн сөзүндө министр, дал ошондой абалды алдын алуу үчүн электр энергиясын өчүрүү иш-чаралары уюштурулуп жатканын айткан:

- Суу сактагычтагы суунун төмөнкү чекке түшүп кетүүсүнө жол бербеш үчүн тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Буга байланыштуу биз республикада 1-августтан келээрки жылдын мартына чейин электр кубатын керектөөгө жаңы чектөө киргизүү маселесин иштеп чыктык. Анда азыркыга чейин колдонулуп келген чектөөнү дагы 30 пайызга азайтуу каралган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG