Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Өтүп бараткан аптадагы башкы окуялардын бири – “Акыйкат үчүн” кыймылынын кыйла убакыт тыныгуудан кийин кайрадан чогулуп, бир үстөлгө отурушу болду.

“Акыйкат үчүн” кыймылы жайкы тыныгуудан кийинки отурумунда өлкөдөгү кырдаалга баа берип, жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу өзүнүн милдетин аныктап жана коомдук парламенттин кезектеги отурумунун күн тартибин талкуулады. Отурумдун чечимине караганда, сентябрь айынын ортосунда болот деп болжолдонгон коомдук парламентте келерки элдик курултайдын күн тартиби талкууланчудай. Курултайды болсо жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин өткөрүү болжолдонду. Ал эми 5-октябрдагы шайлоого көз салуу үчүн кыймыл шайлоого катышпай турган партиялар менен бейөкмөт уюмдардан координациялык кеңеш түзмөй болду.

“Акыйкат үчүн” кыймылы өлкөдөгү кырдаалга байланышкан маселеде азыркы бийликтин саясий-экономикалык-социалдык, адам укуктары, сөз эркиндиги жаатындагы саясатын кескин сындады. Коомчулукка атайын билдирүү менен чыкмай болду. Анда радиотелеберүүлөргө, митинг, пикеттерди өткөрүүгө байланыштуу президент Курманбек Бакиев акыркы кол койгон мыйзамдар, мүлктөрү камакка алынган “Де-факто”, “Алиби” (бул гезиттин мүлкү 22-августта камакка алынды) гезиттерине, кызматынан кыянат пайдаланды деп шектелген Ишенбай Кадырбековго колдонулуп жаткан чаралар сынга алына турган болду. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Нарындагы ачкачылык акциясын эске салды:

- Азыр Бекназаровдун сценарийи кайталанып атат. Убагында иши болсо жөн эле терге, бирок, чыгарып кой деп биз канча карап, кат жазып, атүгүл токтом кабыл алдык, мен жеке да Акаевге айттым. Бийлик укпай, акыры эмне болду? Демек, Ишенбай Дүйшөмбиевичтин жанагыдай иштери болсо тергөө болсун, бирок, камабай, режимин өзгөртсө туура болмок.

Коомдук парламенттин төрагасынын пикиринде эң башкысы азыр элдин жашоосу оорлоп турат:

- Кошумчаларым: энергетика менен суудан тышкары азыр айыл чарбасы жакшы эмес. Тоют абдан аз болуп, кыш кандай болот, жут болобу деп азыр жер-жерлерде мал арзан сатылып атат. Бирок тилекке каршы Бишкекте эт кымбат бойдон калып атат. Ортодо көп иштер болуп атат. Муну айтканым, айыл чарбасы жакшы эмес, энергетика да ошондой. Өнөр жайды көрүп атасыңар, былтыркыга салыштырмалуу начар. Демек жалпысынан экономикалык, социалдык ахыбал өтө оор болуп атат деп бардыгыбыз бир ооздон белгилесек болот.

“Акыйкат үчүн” кыймылы жайкы тыныгуудан кийинки ишин бийликтин аракеттерин мына ушундай кескин сынга алуудан баштады.

Ошол эле мезгилде өзүн оппозицияда санаган саясий күч бүгүнкү күндө бийликке таасир эте алабы же жокпу деген суроого жооп издегендер четтен табылат. Айрыкча, бийликчил саясатчылар оппозицияны бийлик алуудан башка максаты жок, элге пайдалуу иш жасоого жөндөмсүз саясатчылардын тобу деп сындап келатышат. Маселен, “Ак жол” партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов мындай дейт:

- Оппозиция болуш керек. Бирок ал кандай оппозиция деген суроо туулат. Чындап элдин таламын талашса, оппозиция бийлик жөнүндө өз оюн өзгөртүшү керек. Бүгүнкү оппозициянын биригүү максаты эле бийликти алыш. Буларда башка нерсе роль ойнобойт. Мына күз келгенде күздө чыгабыз дейт, жаз келгенде жазда чыгабыз дейт, анан кайра күздү айтат. Анан элге дагы ал болгон атат, бул болгон атат деп эле, башка эч нерсе жок. Мен парламентке келгенде жакшы түшүндүм – эң оңой нерсе оппозиция болуш экен.

Өлкөдө реалдуу негизги саясий күч катары саналган президент Курманбек Бакиевдин жетегиндеги “Ак жол” партиясындагылар жана ага ыктаган саясатчылар, талдоочулар дээрлик ушундай көз карашты карманышат. Атүгүл оппозиция коомдун өнүгүшүнө салым кошо турган күч болуудан калды деген көз караш акыркы мезгилдери арбып кетти. Маселен, президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев ушул айдын башында “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындай деген:

- Өлкөдө позитивдер көп болуп атпайбы. Элдин жашоо-шартын, кымбатчылыкты эске албаганда, акыркы эки жылда бир топ эмгек акылар, пенсия, пособиелер көбөйбөдүбү. Экономикада оң жылыштар болуп атат, мисалы, бюджеттин үч жылда эки жарым эсе көбөйүшү. Ушулардын бардыгынан кийин оппозицияда шылтоо болбой калды да. Бийлик реалдуу иштеп атат. Эл оппозицияны ээрчибей койгон үчүн, колдоо таппай калган үчүн оппозиция басаңдап кетти.

Оппозициялык лидерлер болсо буга атайылап каралоо саясаты катары карайт. Бийлик элдин чыныгы жашоосуна кызыкпай, ар бир жетекчи өзүнүн ордун сактоо, каяша айткандардын оозун басуу менен алек болуп калды дешет. Эркин саясатчылардын баамында, минтип жүрүп отурса эртеби-кечпи бийликке болгон нааразылык чыңалууга алып келет. Бийликтен айырмаланып “Акыйкат үчүн” кыймылы элдин кызыкчылыгы үчүн аракеттенип жатат дейт, координатор Аликбек Жекшенкулов:

- Бүгүнкү элди ойлоп, мамлекеттин келечегин ойлогон накта патриоттор чогулуп турат азыр. Албетте, бийлик өзүн күчтөндү деп ойлоп атат. Рычагдары көп. Бирок ошого карабастан саясий-экономикалык процесстерге кайдигерлик менен карабай, жеке өзүн ойлобой, Кыргызстандын келечегин, элди ойлоп, “Акыйкат үчүн” кыймылы, Коомдук парламент мындан ары иш-аракетибизди күчөтө беребиз.

Өздөрүн оппозицияда санагандар бир нече топко бириккени менен, байкоочулар негизги оппозиция “Акыйкат үчүн” кыймылында деп жүрүшөт. Бул ириде кыймылдын тутумунда чыныгы оппозициялык көз карашты тутунган “Ата Мекен”, “Асаба”, “Ак шумкар” партияларынын жана таасирдүү саясатчылардын бар экендиги менен негизделет.

Анткен менен, талдоочулар кыргыз оппозициясынын элге таасири күчтүү деп ишенимдүү айта албай келатышат. Бул адатта классикалык үлгүдөгү оппозициянын калыптана электиги менен түшүндүрүлөт. Мындай пикирин “Азаттык” менен философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшов бөлүштү:

- Канчалык деңгээлде таасирдүү экенин айтыш кыйын. Себеби оппозициянын дагы кемчиликтери бар. Бизде классикалык үлгүдөгү оппозиция жок болуп атпайбы, баш-аягы аралашкан. Бизде баардык тараптан туруктуу, ыраттуу өнүгүүнүн, өсүштүн жолуна түшө албай атабыз, анын ичинде оппозициялык кыймыл дагы.

Талдоочулар кыргыз оппозициясынын классикалык үлгүдө өнүгө албай жатышын толгон-токой проблемалар менен байланыштырып жүрүшөт. Алардын катарында оппозициянын курамында келим-кетимдин көптүгү айтылат. Бийликке принципиалдуу оппозициянын катарында саналган “Ар намыс”, Коммунисттер, СДП сыяктуу партиялардын бийлик менен кызматташып кетиши оппозицияны алсыратып койду.

Мындай тоскоолдуктарга каржылык колдоонун дээрлик жоктугу, административдик кысым өндүү жагдайлар кошулууда. Кээ бир талдоочулар элдешкис оппозициядагы күчтөрдүн бийлик менен мамиле түзүүгө жөндөмсүздүгү да оппозициянын чыңдалышына тоскоол болуп жатканын айтышат. Ошол эле күчтүү деп саналган оппозициячылар курамына кирген “Акыйкат үчүн” кыймылы өзүнүн багытын аныктай албай жатат дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев:

- Конфронтация кылгандан пайда чыкпайт. Булар өзүнчө эле жүрө берет, эч ким көңүл бурбайт, таасирдүүлүк жок болуп калат. Таасирдүүлүктү күчөтүү үчүн парламентарийлер менен иштеш керек. Конституцияга таянып туруп сунуштарын берип, аны элге жеткирип туруш керек. Башындагы өздөрүнүн концепциясы ошондой болчу, Жекшенкулов “биз биргелешип иштейбиз, маселени биргелешип чечебиз” деп айткан да. Коомдук парламенттин ошол концепциясы өзгөрдүбү-жокпу белгисиз. Эмне иш жасаган атканы элге түшүнүксүз. Айкын ачып бере албай атат.

Президент Курманбек Бакиевге №1 оппозицияга чыкканын жарыялаган элдешкис оппозициячылардын бири Өмүрбек Текебаев оппозициянын күчү элде деп, анын алсызданышын бийликтин кысымынан көрөт:

- Бийлик адамдарды, оппозицияны бириктирбегенге бардык аракетти кылып жатат. Бул биринчи кезекте коркутуп-үркүтүү. Колунда бар, кадыры бар адамдардын мен тынч эле турайын аралашпай деп, азыр четтеп калган учур. Алардын бизнеси текшерилет. Жумушта иштеген тууган-уруктары бошотулат. Бул массалык түрдө болуп баратат. Ооз ачып сүйлөгөн адамдар жоопко тартылат. Гезиттер айып салынып, жабылат. Демократияны, адам укугун кысуу кескин күчөп атат. Муну биз оппозициянын убактылуу алсызданышы деп эсептейбиз. Анткени ушул эле кырдаал белгилүү бир чекке жеткенден кийин нааразылыктын дагы бир булагы болуп, элди бириктирген негизги факторго айланып калышы мүмкүн.

Оппозициялык күчтөрдүн негиздерине муюган тарап бийлик ашкере өкүмзордук саясатынан кайтпаса жергиликтүү кеңештерге, президентке шайлоо сыяктуу алдыдагы саясий өнөктүктөр (тиричиликтин азабы кошул-ташыл болуп) өлкөдө кырдаалды кайрадан курчутуп жибериши мүмкүн деген божомолго ыкташууда.

Ошол эле мезгилде, маселен, саясат таануучу Марат Казакбаев оппозициянын радикалдуу кадамдарга барар-барбасы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгынан эле көрүнүп калат дейт. Талдоочу азыркы оппозиция декабрь же апрель митингдериндегидей элди массалык түрдө көчөгө чыгарууга ынтызар эмес, анткени, ал күрөштүн башка жолуна түшүп алды дейт:

- Октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан эле көрүнүп калат. Эгер шайлоодо бийлик оппозициялык “Ата мекен”, “Ак шумкар” сыяктуу оппозициялык партиялардын талапкерлерин өткөрүп койсо, мен ойлойм, анчалык чоң нааразылык акциялары деле болбойт. Экинчи жагынан митинг, оппозиция коомдук парламент сыяктууларды түзүп алып, күрөштүн митинг, пикеттерден башка аспаптарына өтүп кетпедиби. Үчүнчүдөн эл акциялардан чарчагандай болуп калды. Ошондуктан, мен ойлойм, мындан ары баары бир оппозиция башка куралдар менен күрөшөт.

Оппозиция өзү болсо күтүлүп жаткан 5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо аркылуу бийликке келүү камылгасын кызуу көрө баштады. Бул максатта оппозициялык партиялар конструктивдүү оппозициядагы СДП өңдүү партиялар менен батыл кызматташууга өтсө, парламенттик шайлоого нааразы күчтөрдүн башын кошкон “Акыйкат үчүн” кыймылы Турдакун Усубалиев, Осмонакун Ибраимов, Амангелди Муралиев өңдүү мамлекеттик ишмерлер түзгөн “Бириккен Кыргызстан” кыймылы менен кызматташууну эп көрүүдө. Ошентип оппозиция күзгө жуук ишин ушундай аракеттерден баштады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG