Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Олимпиадалык Комитеттин жетекчиси Бээжин оюндары Кытай менен дүйнөнүн өз ара түшүнүшүүсүн чыңдады деди


Эл аралык Олимпиада Комитетинин төрагасы Жак Рогге (Jacques Rogge) бул жолку Олимпаданын Кытайда өткөрүлүшүн коргоого алды. Анын оюнча, бүгүн аяктап жаткан Бээжин оюндары Кытай менен башка дүйнө коомчулугунун өз ара түшүнүшүүсүн ого бетер чыңдап койду. Албетте, бул оюнду уюштурууда жана өткөрүүдө бардыгын эле мыкты деп айтсак болбойт, бирок Эл Аралык Олимпиада Комитети эгемен мамлекеттин өкмөтүн тигил же бул иш-аракетке мажбурлай албайт, деди Рогге. Укук коргоочулар Эл Аралык Олимпиада Комитетин бул өлкөдөгү адам укуктарын одоно бузууларды токтотуу үчүн расмий Бээжинди кысымга алган жок деп сынга алып келет.

XS
SM
MD
LG