Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

А. КАСЕНОВ: ЭКИ БАЛБАНЫБЫЗ КЫРГЫЗДЫН НАМЫСЫН КӨТӨРДҮ


Кабыл Макеш, Бээжин Олимпиадалык оюндар аяктаган соң Бээжинде жүргөн кабарчыбыз Кабыл Макеш Кыргыз Республикасынын дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орунбасары Алмаз Касеновду сөзгө тарткан.

- Алмаз мырза, олимпиадалык оюндар аяктады. Ушул олимпиадалык оюндардан кандай таасир алдыңыз. Бейжиндеги олимпиада кандай деңгээлде өттү?

Менин оюмча Бейжин олимпиадасы эң жогорку деңгээлде өттү. Себеби башка олимпиадаларга салыштырмалуу, биз башка делегациялардан да сурап көрдүк, ушул Пекинде өткөн олимпиада башка олимпиадаларга такыр окшошкон жок. Менин оюмча, олимпиада эң мыкты олимпиадалардын бири болуп калды.

- Кыргызстандан 20 спортчу Бейжин олимпиадасына катышты. Ушул 20 спортчунун аракетине кандай баа бересиз?

Биздин 20 спортчунун арасынан эң мыкты дегендерибиз биздин балбандар болду. Балбандарга биз башынан эле ишенип аттык эле. Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев экөө кыргыздын намысын дагы бир жолу көтөрүп, бүт элибизге өзүнчө майрам кылып берди. Андан тышкары дагы эки балбаныбыз Базаргуруев менен Гитинов бири бешинчи, экинчиси сегизинчи орунду алды. Калган спортчулар боюнча өзүнчө жыйынтык чыгарып, алар менен дагы сөз болот го деп ойлойм. Себеби өздөрүнүн көрсөткүчтөрүнөн абдан төмөн көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Бул жакта ким кандай ката кетиргенинин себептерин мекенибизге барганда, Кыргызстандан жыйынтыгын чыгарган соң айта алабыз.

- Кээ бир мамлекеттер бир олимпиадачыны даярдаш үчүн төрт жылда, же бир эле жылда бир миллионго жакын доллар каражат коротушат экен. Кээ бир спортчулардын ийгиликке жетпей калышына каражаттын аздыгы себеп болдубу?

Менин оюмча каражаттан эч кем болгон жок. Балбандарыбыз, мыкты спортчуларыбыз ай сайын миң долларга чейин айлык акы алып атышты. Андан тышкары даярдыктары, мелдештери эч кандай үзгүлтүккө учураган жок. Анан кийин кептин бардыгы акчада эмес экен. Мисалы Архипова Юлия деген кызыбыз олимпиадалык жолдомо алгыча А тобунда туруп, эң мыкты көрсөткүчтү көрсөттү эле, ошол убака чейин бизден акча сураган эмес, тренери экөө иштеп келген. Олимпиадага жолдомо алгандан кийин биз ага акчасын бердик, каалаган жагына барды, бул жака келгенде тескерисинче өзүнүн мурунку көрсөткүчүнөн абдан төмөн көрсөткүчтү көрсөтүп, менин оюмча абдан бизди уят кылды. Ошон үчүн акча кеп эмес экен. Чындыгында жеңил атлетика, сууда сүзүү боюнча көп эле спортчуларыбыз деңгээли акча жок деле даярданып келе турган деңгээл болчу мындайча айтканда. Алар өз көрсөткүчтөрүн абдан төмөн көрсөтүп коюшту.

- Алмаз мырза, айрым спортчулар Кыргызстанга кайтып кетишти эле мурда, азыр эми негизги спорт делегациясы качан Кыргызстанга кайтып барышат?

Эми алдыда келген биздин спортчуларыбыздын баарын узатып, азыр 12 киши акыркы биздин делегациянын мүчөлөрү курамы эртең Бейжин шаарынан Үрүмчүгө учуп, андан 27синде Бишкеке учабыз.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG