Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

ДУМА АБХАЗИЯ МЕНЕН ТҮШТҮК ОСЕТИЯНЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫН ЖАКТЫРДЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусиялык парламенттин Жогорку жана Төмөнкү палаталары 25-августта Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге кайрылуу кабыл алышты. Ушундай эле өтүнүч менен өткөн аптада Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге таанылбаган эки жумурияттын лидерлери кайрылышкан эле. Мамлекеттик Думанын депутаттары дүйнө коомчулугуна да Абхазия менен Түштүк Осетияны таанууга чакырган кайрылуу кабыл алышты.

Мамдума дүйшөмбүдө өлкөнүн президенти Дмитрий Медведевге Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу сунушун кабыл алды. Андай сунуш үчүн 447 депутат добуш беришти. Ошондой эле сунушту Төмөнкү палатанын да 130 депутаты бир добуштан кабыл алган. Чукул чакырылган олтурумда сүйлөгөн сөзүндө Федералдык Кеңештин төрагасы Сергей Миронов Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыз өлкө болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Серепчилердин баамында, Федералдык Кеңеш менен Мамдуманын сунушу юридикалык жактан алганда эч кандай мааниге ээ эмес. Акыркы сөздү президент айтат. Өлкө башчы тышкы иштер министрине андай түзүлүштүн көз карандысыздыгын таануу буйругун берет. Ошондон кийин аны тийешелүү салт менен каттоодон өткөрүү жетиштүү дешет.

Өткөн аптада таанылбаган эки жумурият лидерлери жана парламенттери Медведевге өтүнүч менен кайрылышкан. Кезексиз чакырылган сенаторлор олтурумун ачкан ал палатанын төрагасы Сергей Миронов буларды айтты:

-Түштүк Осетия менен Абхазия элдеринин көз карандысыздыкка жете тургандай бардык укуктары бар.

Цхинвали менен Сухуми түзүлүштөрүн мамлекет экен деп таануу аракети - Орусиянын ошол тааныла элек жумурияттардын таламын талашып Грузияга каршы согуш ачышынан соң башталган.

Ал согушта дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер колдоосун тапкан Тбилиси болсо Кремль бийлигин «Роза ыңкылабы» жараткан грузиялык бийликти кулатыш үчүн жеримди басып кирди» - деп айыптоодо.

Бул жолку кезексиз олтурум үстүндө таанылбаган жумурияттар жетекчилери Эдуард Кокойты менен Сергей Багапш сөз сүйлөштү:

- Мындан ары Абхазия болсун, Түштүк Осетия болсун эч убакта Грузия менен бир мамлекетте боло алышпайт, - деди Багапш.

14-августта Дмитрий Медведев Грузиянын жикчил эки аймагынын лидерлерин кабыл алып, орус бийлигинин карманган позициясы тууралуу буларды айтты:

- Биз, Түштүк Осетия жана Абхазия элдери кабыл алган кандай гана чечим болбосун колдойбуз. Биз жайынча гана колдобой, ал элдердин коопсуздугу үчүн Кавказ гана эмес, дүйнөдө кепилдик болобуз.

Ошол күндөрү Американын президенти Жорж Буш:

- Мурдагыдай эле Грузиядагы демократияны Кошмо Штаттары колодоого алат. Түштүк Осетия менен Абхазия – Грузиянын ажырагыс бөлүгү. Кошмо Штаттары өзүнүн союздаштары менен бирдикте Грузиянын көз карандысыздыгын жана анын жеринин бир бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт.

Грузиянын жери жана мамлекеттик бөлүнүп-жарылышына Батыш өлкөлөрү чечкиндүү каршы турушууда. Орусиялык адам укугун коргоочулар да «Цхинвали менен Сухуми эгемендүүлүгүн тааныганда Москва дүйнө жамы журтчулугунун тетири карап кетүүсүнө дуушар болот», дешет.

Орусиялык парламенттин жасаган кадамы тууралуу саясий талдоочу Андрей Загорскийдин пикири мындай:

- Бул бир эле Орусия-Грузия үчүн эмес АКШ, дагы башка батыштык өлкөлөр үчүн көрсөтүлгөн саясий кур кыйкырык.

Москва жакында эле Косовонун көз карандысыздыкка ээ болушуна каршы чыккан. Эми болсо таанылбаган эки жумуриятты колдоого алышы эки жүздүүлүк дейт, «Мемориал» башкармасынын мүчөсү Александр Черкасов.

XS
SM
MD
LG