Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

ПАКИСТАН: МУРДАГЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ БИЙЛИКТЕГИ КОАЛИЦИЯДАН ЧЫКТЫ


25-августта Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шарифтин партиясы азыркы бийликтеги коалициянын курамынан чыгып, оппозицияга өттү. Ордо калаа Исламабадда өткөн маалымат жыйынында, Наваз Шариф беш аймурда түзүлгөн саясий ынтымактын бузулушуна Асиф Али Зардари жетектеген бийликтеги башкы партияны - Пакистан Элдик партиясын айыптуу деп билдирди.

Кечээ Исламабадда өткөн маалымат жыйынында Наваз Шариф Пакистан Элдик партиясынын (PPP) лидери Асиф Али Зардари өлкөнүн мурдагы президенти Первез Мушарраф өткөн жылы иштен бошоткон сотторду кайрадан кызмат ордуна бекитүү тууралуу коалиция түзөөр алдында алган милдеттемелерин аткарбаганын айтты. Ошондой эле коалиция өткөн аптада кызматынан чегинген Мушаррафтын ордуна президент боло турган адамдын талапкерлиги тууралуу дагы бир пикирге келе албаганын Наваз Шариф мындайча кошумчалады:

- Мына ушундай чектен тыш жоруктардан улам биз бийликтеги коалицияга мындан ары колдоо көрсөтпөй турган болуп, оппозицияга өттүк. Бирок биз Пакистандагы демократиялык хартиянын нугунда туруп жана соттордун кызматтарын калыбына келтирүү жана өлкөдө чыныгы демократияга жетишүү үчүн ырааттуу күрөш жүргүзүүдө конструктивдүү ролду ойнойбуз.

Пакистан Элдик партиясы өз лидери Асиф Али Зардарини президенттикке талапкер катары көрсөткөн.

Пакистандын шайлоочулар коллегиясы 6-сентябрда өлкөнүн жаңы президентин аныктамакчы. Оппозицияга өткөн Наваз Шариф болсо кызматтан ардагердикке кеткен бир сотту Зардариге каршы атаандаш талапкер катары сунуштап чыкты.

Серепчилердин баамында, дүйшөмбүдө Пакистандын коалициясында орун алган бул окуялар терроризмге каршы күрөштө өлкөнүн АКШ менен биримдигин сактап калууга аракет жасаган саясий партиялардын колуна бийликти топтогонго көмөктөшмөкчү.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Ооган кызматынын кабарчысы Хан Айаз буларды айтат:

- Пакистандын саясий чөйрөсүндө саясий топтордун жаңыча топтошуу аракеттери башталды десек болот. Мурдагы президент Первез Мушарраф 1999-жылы аскердик төңкөрүш жолу менен бийликке келгенден тартып тогуз жыл бою өлкөнүн саясатында аскердик жетекчилик үстөмдүк кылып келген. Бир апта мурда Мушарраф кызматынан чегингенден кийин куралдуу күчтөр дагы бир ошол өңдүү төңкөрүш уюштурбай турганы маалым болду. Себеби Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн азыркы жетекчиси өлкөнүн аскердик күчү саясаттан тышкары болоруна ишаара кылды.

Айаз Хандын айтымында, азыркы саясий күчтөрдүн пикир келишпестиги сотторду дайындоо же кийинки президенттин талапкерлигин тандоо өңдүү маселелерден алда канча тереңде жатат.

- Шарифтин коалициядан чыгуусунун бир нече себеби бар. Көзгө көрүнгөн шылтоо, албетте, соттордун кайрадан кызматка бекитилиши маселеси. Шариф жана Зардари мурдагы президент Первез Мушарраф өткөн жылы 3-ноябрда өлкөдө чукул кырдаал абалын киргизгенде кызматынан бошоткон сотторду кайра кызматка бекитүү тууралуу макулдашкан. Бирок бул жерде абдан чоң себептер жатат, алар бул партиялардын ортосундагы идеологиялык жана саясий ажырым менен байланыштуу. Дагы бир себеп – көптөгөн кишилер түрдүүчө жоромол кылган террорго каршы согуш маселеси. Бул эки партия террорго каршы согушту кандайча жүргүзүү керектиги жаатында бири-биринин тандаган жолун жактырышпайт.

XS
SM
MD
LG