Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

АКШ: ДЕМПАРТИЯНЫН КУРУЛТАЙЫ, БАРАК ОБАМАНЫН ТАРЖЫМАЛЫ


Амирбек Усманов, Прага 25-августа Денвер шаарында АКШнын Демократтык партиясынын улуттук курултайы ачылды. Жыйында Барак Обама ырасмий түрдө АКШ президенттигине талапкер жарыяланат деп күтүлүүдө. Курултайдын биринчи күнү уюштуруучулар миллиондогон америкалыктарды Барак Обаманын өмүр жолу менен тааныштырууну оң тапты. Обаманын мурдакы атаандашы, сенатор Хиллари Клинтон өз тарапкерлерин Обама үчүн добуш берүүгө үндөдү. Жыйынды улуттук телеканал өлкөгө түз алып көрсөттү.

Курултайды Барак Обаманын үй-бүлө мүчөлөрү президенттикке талапкердин өмүрүнүн кызыктуу учурлары менен америкалыктары тааныштыруу үчүн пайдаланышты. Элдин бүйүрүн кызыта сүйлөгөн оратор талапкердин жары - Митчел Обама өзүн жөнөкөй кыз, аял, эне катары мүнөздөп, күйөөсү экөө «дүйнө үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын» сезишкенин баса белгиледи. Митчелдин сөзүнчө, ал эки кызын күн сайын уктатып жатып, алардын келечеги тууралуу ойлонот. Кыздарым болочокто өз балдарына 2008-жылы америкалыктар коркуунун ордуна үмүт үчүн добуш беришкендиктен Америка жакшы жагына өзгөргөнүн айтып берет деп тилек кыламын, деди Митчел Обама элди биримдикке үндөгөн сөзүн аяктап жатып:

-Келиңиздер, Барак Обаманы Кошмо Штаттардын президенти кылып шайлоо үчүн биригели. Ырахмат. Сиздерди Кудай колдосун. Американы Кудай колдосун.

«Азаттыктын» кабарчысы Хезе Майердин билдиришинче, уюштуруучулар Демпартиянын чечимине ылайык, Обмананын «америкалык тарыхына» басым жасашып, Обаманын атасы африкалык, ортончу ысымы Хусейн, ошон үчүн ал республикачыл талапкер Жон МакКейндей нукура америкалык эмес деп сындаган каршылаштарынын чабуулуна жооп беришти.

АКШнын киши колдуу болуп өлгөн мурдакы президентинин бир тууганы, январда рак ооруулуу экен деп табылган Эдвард Кеннедини калың эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Январда эле Обаманы колдоп, шайлоо өнөктүгүнө чоң дем берген 76-жаштагы демократ-сенатор элди кайрадан Обама үчүн добуш берүүгө үндөдү:

- Барак Обама мени жана сиздерди, биздин өлкөнү алга алып барат. Жумуш кайра башталды. Үмүт кайра тирилүүдө. Үмүт жашайт.

Барак Обаманын мурдакы атаандашы Хиллари Клинтон курултай Обаманы президенттикке көрсөтүү үчүн чогулганына көңүл буруп, мүлдө өз тарапкерлерин Барак Обама үчүн добуш берүүгө чакырды:

-Жон МакКейнди шайлоо өлкө үчүн жаңылыштык болот. Бул талашкыс чындык. Мен үчүн добуш берген ар бир адамдын сенатор МакКейн жана Республикачылар партиясынан айрымалаган окшош жактары көп.

Обама өзү Айова штатында шайлоочулар менен кездешип жүргөндүктөн, маалымат жыйынын анын кеңешчи-масилээтчилери өткөрүп жатышты. Обаманын администрациясы Россиянын Грузиядагы баскынчылыгына кандай жооп бериши ыктымал? ИТАР ТАССтын кабарчысынын береги суроосуна Обаманын кеңешчиси Григори Грейг: Россия непада Абхазия менен Түштүк Осетияны күнкорсуз өлкө деп тааныса, АКШ-Россия алакасына олуттуу доо кетерин Обама жакында эле эскерткенин айтты.

XS
SM
MD
LG