Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

8:49 Токтогул районунда жер өрттөнүп атат


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдусамат Фаязовдун айтымында, өрт 23-августта башталган. Ошондон бери бак-дарактуу, чөптүү 1000 гектардан ашык аймак өрттөндү. Бул аймакка өрт өчүрүүчү атайын транспорт бара албагандыктан, кол менен өчүрүү аракеттери көрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт болуп жаткан жерге 50 куткаруучу жиберди. Өрттүн себептерин иликтөөнү сурап, өзгөчө кырдаалдар министрлиги ички иштер министрлигине кайрылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG