Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

ЕВРОБРИМДИК ОРУСИЯНЫН ГРУЗИЯНЫ БАСЫП КИРҮҮСҮНӨ ӨЗ БААСЫН 1-СЕНТЯБРДА БЕРЕТ


Амирбек Усманов, Прага 1-сентябрда Европа Биримдигинин кезексиз жыйыны өтөт. Жыйында Орусиянын Грузиядагы ок атууларды токтотуу боюнча макулдашууну кандай аткарганы талкууланат. Бул макулдашуу Биримдиктин учурдагы төрагасы Франциянын арачылыгы менен жетишилген. Москванын аталган келишимге шылтап, Грузияда аскер кармоосу жана Түштүк Осетия менен Абхазиянын күнкорсуздугун таанусуу Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрүн кыжырлантууда.

Кремль жикчил Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин ырасмий түрдө тааныды. Ал түгүл орусиялык аскерлер Грузиянын басып алынган жерлеринен толук чыгарыла элек.

Орусиянын бул кадамы «Азаттыктын» Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын баамдашынча, башынан эле чатакка аскерлердин катышуусун каалабаган Батыш үчүн күтүүсүз болду. Ошон үчүн Евробиримдик Грузияга орус аскерлери киргенден кийин өз көз карашын ыкчам билдире албады. Ал эми Москвага каршы санкция жарыялоого шайы да жетпеди.

Польша жана постсоветтик Балтика өлкөлөрү Биримдиктин Италия сыяктуу айрым эски мүчөлөрүнөн айрымаланып, Орусияга карата катуу чара көрүү зарыл деп санашат. Евробиримдик орток көз карашты 1-сентябрда өтчү кезексиз жыйында иштеп чыгыш керек. Же польшалык серепчи Евгениюз Смоляр айткандай, бул күнү ким Польшанын союздашы экени дайын болот:

- Дүйшөмбү күнкү жыйында Польшанын союздашы ким экенин көрөбүз. Орусиянын Грузиядагы аракеттери Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн чечкиндүү бир бүтүмгө барышына өбөлгө түзөт деп ишенем. Себеби, орусиялык аскерлердин Грузияны басып алууну улантуусу, мыйзамдуу шайланган өкмөттү жана Грузиянын президентин алмаштыруу аракетине Биримдиктин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Саркози чыдабайт.

Евгениюз Смоляр - Варшавадагы Эл аралык байланыштар борборунун төрагасы.

Саркози 14-августа түшүндүргөнгө караганда, Франциянын арачылыгы менен жетишилген макулдашууга ылайык, орусиялык күчтөр Грузияга таандык жерлерден чыгып кетип, алардын ордун Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун байкоочулары ээлеш керек. Орусия ЕККУнун мүчөсү катары берегидей байкоочуларды жайгаштырууга каршы экенин 23-августа билдирди. Анын алдында НАТО Орусия менен кызматташууну убактылуу токтоткон эле.

Оруиялык аскерлердин Грузияда калуусу байкоочулардын айтымында, өлкөнүн НАТО жана Евробиримдик менен жакындашуусун татаалдантат. Грузиянын экономикалык өнүгүүсүз создуктуруп, саясый жактан туруксуз кылат.

НАТОнун кызматташууну токтотконуна Москва кебелген да жок. Тескерисинче, андан НАТО өзү көбүрөөк жабыркайт. Маселен, Ооганстанга Орусия аркылуу өтө албай калат деген пикирде Кремль.

Азыркы жагдайда Евробиримдиктин лидерлери 1- сентябга чакырылган жыйында Москвага кысым көрсөтүү кандай чара иштеп чыга алат? Бул азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG